Кыргызда канчалаган элдик кишилердин өмүр баяны, калкына өтөгөн кызматы тарых барактарынын бүктөмүндө калып кетти. Ошолордун бири Атабай Жанузак уулу советтик Тажикстандын Мургаб районунда жүздөгөн сарыколдук кыргызды Кытайга качырып, сталиндик репрессиядан сактап калган. Атабай казынын ысмы кыргыз тарыхчыларына белгисиз болгон менен, ооган кыргыздары арасында ал тууралуу уламыш ыр азырга чейин айтылып келет. Aлгы сөз Атабай казы тууралуу алгач Бишкектен, анын…