Этникалык кыргыздар

Памирдин тозогунда жашаган кыргыздар  (видео)

Памирдин тозогунда жашаган кыргыздар (видео)

СDI – коом өнүктүрүү уюму Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздарга барып жашоо-турмушун изилдеп, аларга жардам берип келишет. Аталган уюмдун кызматкерлери Айбек Султанмамытов жана Наргиза Өмүркожоева: «Памирдеги аксакалдар «кыргызстандыктардын көпчүлүгү биз тууралуу билишпейт. Биздин жашоо-турмушубуздун кандай экендигин мекендештерибизге жеткире баргыла» деп суранышты. Ошондуктан «Супер-Инфо» гезити аркылуу бул аманатты элибизге жеткирели дедик. Боордоштордун турмушун көрүп көздөн жаш айланып, кекиртектен тамак өтпөй,…

Комузу жок комузчу  (видео)

Комузу жок комузчу (видео)

Түркиядагы Памир кыргыздары арасында элдик күүлөрдү билген комузчулар дээрлик жок калган. Бул уникалдуу чыгармалардын бир тобун билген Сайым Муллааса уулу жарды бүлөдөн чыгып, 12 жашынан өз далалаты менен жыгачка кыл тагып алып, күү черте баштайт. Памилден (Кичи Памирди өздөрү ушундай аташат) 17 жашында кеткен. Андан бери Кыргызстандан колго тийген кассеталардан угуп, Ала-Тоо кыргыздарынын бир топ чыгармаларын өздөштүргөн. "Узун-кыска 62 күү…

Кыргызстанда 40 миңден ашуун этникалык кыргыздар жашайт

Кыргызстанда 40 миңден ашуун этникалык кыргыздар жашайт

Вице-премьер-министр Камила Талиева 1-октябрда, Чүй облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын “Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” мыйзамынын аткарылуусу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Бул мыйзамдын кабыл алынганына 6 жыл болгонуна карабай толук кандуу ишке ашырылбай жаткандыгын айткан Вице-премьер-министр, Чүй облусунда тарыхый мекенине келген этникалык кыргыздарга көмөк көрсөтүү иштери начар экендигин белгиледи. “Республика…

Акматали Кенжебаев чет жердеги боордошторго сапар алды

Акматали Кенжебаев чет жердеги боордошторго сапар алды

Кандай айткан күндө да мамлекетибиз этникалык кыргыздарга камкордук көрүү, аларды Ата Мекенине көчүрүп келүү жагынан жакынкы казак боордошторго жетпешибиз талашсыз. Казак өлкө башчысы Нуракенин демилгеси менен чет жерде жашашкан этникалык казактарды “Оралман” деп аташып, Ата Мекенине көчүрүлүп, келип жайгашуусуна кенен шарт түзүлүп берилген. Аларды туураган кыргыз бийлиги этникалык кыргыздарды “Кайрылман” деп атоого чамынганын кулагыбыз чалганы бар. Тилекке каршы ал аракеттен…

Кытайдагы кыргыздар эне тилин жана маданиятын жоготпой келет

Кытайдагы кыргыздар эне тилин жана маданиятын жоготпой келет

«Манас» эл аралык маданият-саякат салтанаты буга далил катары алты жылдан бери салттуу түрдө белгиленип келе жатат. Улуу "Манас" эпосуна арналган мындай саякат-майрамына кызыгуу өтө зор экендиги ушу күнү өзгөчө билинди. Аземди Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусунун губернатору Пархат Турду ачты. Ал өз сөзүндө Манас - улуу рухий дөөлөт экенине токтолуп, Кытай Эл Республикасынын желегин көтөрүп, салтанатты ачты. Көпчүлүк күткөн азем өтө…

Тарбагатай кыргыздары (фоторепортаж)

Тарбагатай кыргыздары (фоторепортаж)

Жамбы Жусубалиева Тарбагатай кыргыздарынын тарыйкасына токтолду (фоторепортаж) Тарбагатай кыргыздары тууралуу маалымат жокко эсе. Тарыхчы-окумуштуу Жамбы Жусубалиева өткөн жылы июнь айында Американын Борбор Азиядагы изилдөө институтунун экспедиция алкагында Кытай жергесинде бир айдан ашык болуп, ал жактагы кыргыздардын жашоосу менен жакындан таанышып келген. Тарбагатай монгол тилинен которгондо – суурлар өрөөнү. Бул туурасында Жамбы Жусубалиева «24.kg» МА окурмандары үчүн атайы сөз куруп…

Страница 107 из 128