2007-жылдын 10-октябрында КР Жогорку Кеңеши тарабынан "Тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер туурасында" мыйзам кабылданган. Буга кийинчерээк президент кол койгон. Ошондон тарта күчүнө кирген бул документке ылайык кайрылмандарга жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кыргыз жарандыгын ыйгаруу, жеке менчикке жер тилкесин алууга жана андан ары турак жай курууга толук шарт жаратуу, үй куруусуна пайызсыз ссудаларды ажыратуу кыргыз өкмөтүнө түздөн-түз милдеттендирилген. Тилекке каршы,…