Баткен облусундагы чыр-чатактан кийин кыргыз бийлиги бир тараптуу жолдорду бууп, Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы карым-катышты токтоткон эле. Андан бери бир топ убакыт өттү, аралыгы эки айга чукулдап калды. Албетте, чатактын неден улам чыкканын, кайсы тарап күнөөлүү, кимиси актыгын биз териштиргибиз келбейт, эки мамлекет ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан кези, дипломатиялуу түрдө чечип алаарына ишеним артабыз. Бизге түшүнүксүз болуп жатканы, не үчүн…