Ашык атмай (ордо) ойуну Сары-кол элинин бирден бир ата-бабадан калган мурасы. Ал ойунсуз Сарыколчулар жашоодун кызыкчылыгына канаатанбайт. Айылдарда жок дегенде күнүно 2-3 төн ашык ойуну ойнолуп турат. Памир тоо койнунда чоңойгон элеттик балдар эс тартканы ушул оюндун кумар таасиринде эрезеге жеттик. Памир суугуда, кыштын ызгаарында денеге суук өтүп, калтырап-титиресек да ашыктан кетпей, кечинде ата-энебиздин урушкандары, аарыганыбыз, тонгон буттар, колдун…