Кыргыздар жашаган Памир тоолору бир тарабынан Кытай, Ооганстан менен чектешсе, басымдуу бөлүгү Тажикстанда. Совет доорунда ага чейин тоо арасында ээн-эркин көчүп-конуп жүргөн көчмөндөр күч менен отурукташтырылган. Эми болсо алар жайкысын жайлоого чыгып, боз үй тигип, топоз багып, турист тосушат. Деңиз деңгээлинен 4,250 метр бийиктикте турган Корумду жайлоосу Тажикстандын аймагына кирген Памир…