Комитет этникалык кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Комитет этникалык кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Бүгүн, 10-октярда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин отурумунда "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого алынды.


Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиев. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ченемдеринин, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү, этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине көчүп келүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле алардын мамлекет тарабынан кепилденген укуктарын ишке ашыруу зарылчылыгынан улам келип чыккан жоболорун өркүндөтүү максатында иштелип чыгып, демилгеленип жатат.


Мыйзам долбоору менен төмөнкүдөй өзгөртүүлөр каралууда:

1-пунктта мыйзамдын 1-беренесинин колдонуудагы редакциясында камтылган "кайрылман", "кайрылман статусу" жана "этникалык кыргыздар" түшүнүктөрүнүн жаңы, кыйла өркүндөтүлгөн аныктамалары сунушталат. Белгилей кетүүчү нерсе, сунушталып жаткан "кайрылман статусу" аныктамасында адамга укуктук статустан тышкары социалдык статус да берилет, ал белгиленген үлгүдөгү документ (кайрылман күбөлүгү) менен ырасталат. Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздарга социалдык статус берүү жана тастыктоочу документинин болушу кийин мамлекет кепилдеген социалдык жеңилдиктерди, анын ичинде мамлекеттик медициналык мекемелерде медициналык-санитардык жардам алууга мүмкүндүк берет.


Ошондой эле, мыйзам долбоорунун 3-пунктунда мыйзамдын 7-беренесинин биринчи бөлүгүн этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине көчүү укуктарын ишке ашырууга багытталган жоболор менен толуктоо сунушталат.


Талкууда депутат Дастанбек Жумабеков "жарандыгы жок адам" терминине жана аларга "кайрылман" макамын берүүнүн механизмдерине көңүл бурду. Депутат Коргонбай уулу Жусупбек башка өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздардын саны боюнча маселе көтөрдү. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин өкүлүнүн айтымында, Өзбекстанда 300 миңден ашуун, Кытайда 200 миңге жакын, Түркияда 5 миңге жакын, Ооганстанда 2 миң, Пакистанда 500 адам жашайт. 2023-жылы тогуз айда 437 этникалык кыргыз кайрылман статусун алган. Депутат Гуля Кожокулова кепилдиктер аткарылышы керектигин белгилеп, кайрылман күбөлүгүн алмаштыруу тууралуу 8-берене боюнча маселени көтөрдү. Депутат Чыңгыз Ажибаев Тажикстандан Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздардын көйгөйүн айтты. Ал ошондой эле кайрылман статусун алган этникалык кыргыздарды бардык зарыл кепилдиктер менен камсыздоо механизмдери тууралуу белгиледи.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены