Памирлик кыргыздардын генетикалык өзгөрүүсү изилденет

Памирлик кыргыздардын генетикалык өзгөрүүсү изилденет

Кыргызстанга көчүп келген памирлик кыргыздардын генетикалык өзгөрүүсү иликтенет. Бул тууралуу Reporter.kg'ге Медицинанын эл аралык жогорку мектебинин проректору Орозали Узаков билдирди.


Аталган окуу жайдын окутуучулар Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Эмгек, миграция министрлиги менен бирге Алай районундагы этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирип аларды кароодон өткөрүп келген.


«Аялдар арасында кан аздыгы өтө курч экен. Жүрөк- кан тамыр оорулары, бир баладан даун синдрому аныкталды. Хромосомдук полиморфизм деген бар, төрөй албай эле боюнан түшө берет, бир аял ошондой илдет менен жабыркайт экен. Көпчүлүктүн тиштери күүлүп түшүп калган. Психологиялык, социалдык жактан дагы көмөккө муктаж», — дейт ал.


Орозали Узаковдун айтымында, памирлик кыргыздардын арасында туугандардын ортосундагы нике дагы көп.


«Алар 100 жылдан ашык убакыттан бери тоолуу шарттагы аймакта жашап келишти. Климат, каада-салты, жашоо шарты генетикалык өзгөрүүлөргө дагы таасир берди. Кыргызстанда атайын лаборатория жоктугуна карабай, биздин генетиктер памирлик кыргыздардын канынын үлгүсүн алып, аны изилдөөнү колго алышты», — дейт ал.