“Сайра-комуз” конкурсу

“Сайра-комуз” конкурсу

Элибиздин маданий, адабий өткөндөрүн сактап, аларды жаш муундардын арасында таратуу азыркы маданият кызматкерлеринин, деги эле өз журтчулугун адабий, маданий мурастарын чогултуп, жыйноого кызыккан атуулдарыбыздын бирден бир парзы болуп саналат. Ушуну эске алып райондку маданий бөлүмүнүн кызматчылары жакшы демилге менен чыгышкан. "Сайра-комуз" атуу конкурс уюштурулуп ага атайын сыйлыктар көрсөтүлуп, бул кундөрдө айылдык Кеңештерде өткөрүлүп жатат.


Ушундай конкурстун бири Kөөнө-Коргон айылдык Кеңешинин таланттууларынын концерти жакында болду. Бул айылдын таланттуулары залкар күүлөрдөн Сары-Кол күүлөрүнөн чертип, ошондой эле терме ырлардан ырдашып көрүүчүлөрдүн жарпын жазды. Комузчулар тобу аткарган курама күү, Халиков Физайил, Ибраимов Орозбек, Олжочиев Жаанбайлар аткарган Сары-Кол күүлөрү айтууга арзыйт. Ал эми келиндердин темир комузда аткарган күүлөрүн айтпай койсок болбос. Эми буларда конкурстун шартына жогоруда айтылгандар жооп бергени менен, ар бир аткаруучу бир залкар, бир Сары-Кол, бир терме, бир санат ыр аткаруу керек эле. Мында Көөнө-Коргондуктар бирден, экиден номер кем аткарышты.


Ал эми Мургаб айылдык Кеңешинин таланттуулары жалан гана конкурстук номер менен чыгышты. К.Каримкулов, А.Маторозов, Каримкуловдор черткен күүлөрүн өтө уккулуктуу ар бир кайрыгын так жана туура аткарууга аракеттеништи. Сары-Кол күүлөрүн аткарууда Жакыпов Паяз аксакал менен Айдаров Гузай чеберчилигин көрсөтсө, залкар күүлөрдө Маторозов Арзыбай жана Каримкулов Каныбектер белгилүү болушуту. Калыстар тобу аткаруучу Каныбектин келечекте чоң комузчу болоруна үмүтөнүшөт.

Көңүл черин жазган бул концертти уюштурууга айылдык Кеңештин төрагасы Камчыбеков көп көңүл бурганы бизге маалым болду. Ошондой эле клубунун башчысы Каримкуловдун салымы чоң экен.


Суусар Токтоматова жюри мүчөсү

«САРЫ-КОЛ» №14 Мургаб райондук

элдик эркин гезит 20-май 1992-жыл.

www.sary-kol.ru 

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.