Мамадияр Курмушиев "Айтылбаган сырлар калды ичимде" (ырлар жыйнагы)

Мамадияр Курмушиев "Айтылбаган сырлар калды ичимде" (ырлар жыйнагы)

 

Бир келсе

Он сегиз жаш бир келсе.

Али да турат бүт эсте.

Кыр ашып кеттиң карабай.

Сагындым сени айабай.


Балалык жашым бир келсе.

Кабылбай кары кездерге.

Бир азга токтой турсачы.

Суйкайган, сулуу кездерге.


Кайрылып кайра бир келсе.

Тоолорго чыгып гүл терсе.

Кылчайа артты караймын.

Кыз, жигит ошол кездерге.


Айтылбаган сырлар калды ичимде

Чиркин өмүр тура турчу кичине.

Атылбаган сырым калды ичимде.

Убакыт ай уттурасың зымырап.

Сезбей калып арман ичте кыбырап.


Мурунку кез кичинекей жаш бала.

Кечее, эле колтукташкан кыз, бала.

А бүгүн мен карылыкка жол улап.

Тосуп алды мага карап кол булгап.


Жаштык кетип бизден узак көрүнбөй.

Тура турчу бир канча жыл бөлүнбөй.

Аттиң, кылам кайра эми келбейсиң.

Кее, күндөрү үшкүрүнүп эстеймин.


Ызалык

Мен чоңойгон караан суук жеримде.

Апамды, ээрчип кичинекей кезимде.

Тойлор болчуу көчө көчө эшикттее.

Эжем, калчуу тербетип бала бешиктте.


Атам, келчүү ача шашып эшиктти.

Бере салчуу кенжесине кешикктти.

Кандай сонун балалыгым эми жок.

Кусалыкка толуп турат ичим чок.


Алтын жаштык, өтүп кеткен турбайбы,

Картайганда арман болот турбайбы.

Өкүнсөм да, өксүсөм да эми жок,

Толуп турат жүрөгүмө муң кайгы.


Сен ыйлаба

Кудай берет жүрөбергин сыйларда.

Жарашпайт ко көз жаш төгүп ыйлаарга.

Жаратылыш тагдыр деген ушундай.

Бир күн келет жаркыраган күн - ай, да.


Сен ыйлаба мен ыйлаймын кошулуп.

Жүрөгүмдү тызылдатып оорутуп.

Ансыз деле ооруп жүрөм сездирбей.

Бийик, жүргүн баш көтөрүп бекинбей.


Сен ыйлаба алты саның соо кезде,

Сен ыйлаба уул кызың бар кезде.

Сен ыйлаба бир тууганың жан десе.

Сен ыйлаба ,,Аллахымды" бир эссте.


Сендей сулуу көрбөгөм

Ай чырайың бир өзүңө жарашып.

Баскым келет сени менен жанашып.

Кызганамын башкалардан мен сени.

Калбайын деп бир өзүңдөн адашып.


Күтүүсүздөн жолугуп сен калдыңбы.

Жүрөгүмө от жалынды салдыңбы.

Жүгүнсөмда келин сымаал мейличи.

Бактылуу биз бирге болсок дейличи.


Сендей сулуу башкалардан көрбөгөм.

Тал тал сылап чачын алар өрбөгөн.

Табигааттын бизге берген сыноосу.

Күн түн бою сен жөнүндө ойлоном.


Чоң байлык

Ата, эне аман болсун.

Мына ошол чоң байлык.

Бир тууганың жанда болсун.

Мына ошол чоң байлык


Уул, кыздан урмат болсун.

Мына ошол чоң байлык.

Небирелер чуркап жүрсө.

Мына ошол чоң байлык.


Күндө майрам күндө той

Мына ошол чоң байлык.

Сыйлашалы туугандар.

Мына ошол чоң байлык.


Орубагын ойноп. күл.

Мына ошол чоң байлык

Кызмат кылса досторуң.

Мына ошол чоң байлык.


Башты көтөр бийикке.

Мына ошол чоң байлык.

Алтын башың аман болсо.

Мына ошол чоң байлык.


Уруш деген болбосун.

Мына ошол чоң байлык.

Эли, журтуң аман болсун.

Мына ошол чоң байлык.


Бар болсун бир тууганым

Туугандын амандыгын берсин десең.

Бактылуу ак тойуңа келсин десең.

Кармашкан колдорубуз ажырабай.

Бар болсун бир тууганым аман эсен.


Жылмайып күлүшүп жыйналачы.

Короого бир койду байлайлычы.

Ак батаа берсинчи атакебиз.

Небире жетелеп апакебиз.

Бар болсун бир тууганым аман эсен.


Бир ата бир эне балдарыбыз.

Артындан ээрчиген балдарыбыз.

Кудайым ынтымак, дөөлөт берсин.

Урпактар уланып келеберсин.

Бар болсун бир тууганым аман эсен.


Керме каш сулуу

Улары учкан белестер.

Эстесем көзгө элестеер.

Эстебей кантип жүрөмүн.

Мойнуңа таккан берметиң.


Ак булут калкып асманда.

Ай, шооласын чачканда.

Убайың тартып күн сайын.

Уйку, жок таңдар атканда.


Ашуусу бийик басканга.

Жете, албай сага арманда.

Кериле, басып бет жууган.

Керме каш сулуу мургабта.

 

Классташтарым

Алтын кундөр эсимде.

Ойноо бала кезимде.

Кыздар балдар чогулуп.

Нан бөлүштук кезинде.


Кыздар бизди карабай,

Жек көрүшчүү аябай.

Тоготушпай аларың,

Башка жанды карап - ай.


Кыздар, балдар келгиле,

Колуңарды бергиле.

Андай күндөр эми жок,

Мырза жигит сезим жок.


Кайырма

Класс, классташтарым,

Менин оюундаштарым.

Силер жанда болгондо,

Бийге түшө баштадым.


Балдар ,кыздар келгиле,

Балдуу сөздөн тергиле.

Бажырайган бал- бал көз,

Балбаңдаган кемпир – ээ.


Эмне болор экенбиз

Жакшы заман делгени.

Түлкү заман келгени.

Түйшүк, тартпай айалдар.

Машине менен эзгени.


Камыр жууруп нан жаппай.

Салып колун кир жуубай.

Жалайык салбайт балага.

Памперсть тыгып коюда.


Жакшы жашоо келгени.

Куу, түлкү болду дегени.

Чуркап, эле жүрүшөт.

Орукчан болгон эмнеси.


Акчаны сүйүп айалдар.

Үйдө турбай кадамдар.

Ойлонуп эле жүрүшөт.

Орукчан болуп адамдар.


Батаа деле беришпейт.

Телефон чукуп эринбейт.

Кулак бүтүп тунжурап.

Тамаада жинди безилдейт.


Эл көрсүнгө жашашат.

Кайда кетип баратат.

Кафеден бери бошобой.

Чалдарың айнып баратат.


Жашоо башка болууда.

Акча табыш ойуңда.

Ыйман деле калбады.

Уурулук кылып сойууда.


Жолуккан кандай жакшы

Жолуккан кандай жакшы.

Сырдашып күлгөндөргө.

Жолуккан кандай жакшы.

Сагынып жүргөндөргө.


Небире колго жетелеп.

Жакшы жашоо кереемет.

Кудайым берсин силерге.

Бакыттын гүлү себелеп.


Канча жыл болду бүткөнгө.

Ушул жыл келди күткөнгө.

Куттуу болсун баарыңа.

Аял, эркек жалпыңа.


Сары-Колдой жерди таппайсың

Бул жашоодо мындай жерди таппайсың

Шаркыраган тунук сууга канбайсың

Таза абадан кенен-кенен дем алып

Сары-Колдой бейиш жерди таппайсың


Тоолорунда аркар кулжа ойногон

Эчки теке аска зоону бойлогон

Кызыл таазыл жибек сындуу

Кыз жигит ай толгондо ак чөлмөгүн ойногон


Койну кенен мал жайыттуу жерлери

Ашуусунда кийик улап мергени

Ызгаардуу суук шамалына карабай

Далее жашапкелет эмгектенип элдери


Бир келип кет Сары-Кол жерине

Уйуткулуу кыргыз деген элине

Аш тойлорун бир ошондо көрөсүң

Кыз келиндер оймо чийме ойуп турган кезинде


Ким сагынбайт

Ким сагынбайт ата конуш жерини

Ким сагынбайт бирге жүргөн элини

Ким сагынбайт тоодо өскөн эрменди

Ким сагынбайт кийик аткан мергенди


Ким сагынбайт кара чучук жегенди

Ким сагынбайт курут майын эзгенди

Ким сагынбвйт апам жапкан нандарын

Ким сагынбайт оюн зоок балдарын


Ким сагынбайт кызыл таазыл гүлдөрүн

Ким сагынбайт катар тиккен үйлөрүн

Ким сагынбайт ак чөлмөгүн ойногон

Ким сагынбайт аккан сууну бойлогон.


Ким сагынбайт түркүн куштун үндөрүн

Ким сагынбайт көчө бойлоп жүргөнүн

Ким сагынбайт ашык атып ойногон

Ким сагынбай аш тойлорду тойлогон


Ким сагынбайт түрлөп килем сокконун

Ким сагынбайт оймо чийме ойгонун

Ким сагынбайт бирге жүргөн досторун

Ким сагынбайт кучак жайып тосконун


Ким сагынбайт кой топозун айдаган

Ким сагынбайт желе тартып байлаган

Ким сагынбайт өйдө карай чубалтып

Ким сагынбайт козу улагын айдаган


Курмушиев Мамадияр

Мургаб району

Кара-Көл айылы

www.sary-kol.ru 

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.