Жээнеков Жоошбай 1945-жылы, Тажик ССРинин Тоолуу Бадахшан автоном облусуна караштуу Мургап районунун Ак-Суу айылында (Аюу-Жолу жайлоосунда) жарык дүйнөгө келген. Атасы колхоздо чабан болуп эмгектенген.
1949-жылы төрт жашында үй-бүлөсү менен, азыркы Алай районунун Сары-Могол айылына (ал кезде Сары-Могол айылы Мургап районуна карап турган) көчүп келген.
1953-1954-жылдары Сары-Могол айылындагы "Жданов" сегиз жылдык мектебинде билим ала баштаган.
1961-жылы 8-классты аяктап, Мургаптагы В.И.Ленин атындагы 11-жылдык мектепте окуусун уланткан.
1964-жылы 11-классты ийгиликтүү аяктаган.
Окууну аяктаган соң аскердик милдетин өтөөгө кеткен. Казак ССРнин Гурев областында үч жыл кызмат кылган. Аскерден келип өзү жашаган айылда мугалим болуп эмгек жолун баштаган. 1971-1975-жылдары Ош шаарындагы педагогикалык инситутунун филология факултетинде, кыргыз-тил жана адабият мугалими адистиги боюнча билим алган. Алайдын Сары-Могол айылында, ардактуу эс алууга чыкканга чейин көптөгөн жылдар бою үзүрлүү эмгектенген.
"Улуу ата-мекендик согуштун 20 жылдык медалы", "Тажикстан Республикасынын эл-агартуунун отличниги",
"Кыргыз Республикасынын ардактуу ардагери" сыйлыктары менен сыйланган.
![]() |
![]() |
Өмүрлүк жары Турдубекова Салкын менен көптөгөн жылдар чогуу турмуш куруп, төрт уул, алты кызды өстүргөн. Кырк эки небере, он эки чебереси бар. Учурда Жээнеков Жоошбай агай ардактуу эс алууда.
Алай-Памир тоолорунун арасындагы алыскы өрөөндө он баланы чоңойтуп, талыкпай эл агартууга эмгек кылган агайга ар-дайым таазим кылабыз. Аксакал келечек муунга үлгү боло турган инсан. Бар болуңуз билимдин жана турмуштун чыныгы мугалими.
Өскөнбай Бердибаев КР Улуттук
жазуучулар союзунун мүчөсү

