![Ош: Этникалык кыргыздар Эл аралык эне тил күнүн белгилешти (видео)](/media/k2/items/cache/ae3579661f0e7ff3e97f99e296f90653_L.jpg)
21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата Ош шаарында эне тил күнү белгиленди.
Майрамда этникалык кыргыздар ассоциациясынын төрагасы Мамбеткулов Исматилланын жетекчилиги менен Мургаб районунан келген этникалык кыргыздар Памир кыргыздарынын үрп-адат, каада-салттарыны элге көрсөтүштү.
Бул датанын майрам катары тандалып алынышынын себеби 1952-жылы 21-февралда Бангладештин борборунда студенттер эне тилинин мамлекеттик тил болушун талап кылып көтөрүлүшкө чыгышып, полиция кызматкерлеринин огунан каза болушкан жана ушул тарыхый күн эне тил күнү катары бүгүнкү күнгө чейин белгиленүүдө.