Мечит элдик курулуш
Элибиз ыймандуу болууга бел байлап, намаз окууну кеңири үйрөнүп, өзүнүн пенделик карызынан кутулууга бел байлаган учур.
Райондун борбору Мургаб кыштагында район боюнча борборлоштурулган мечитти куpуy иши кеңири элдик колдоого алынып жатат. Бул элдик курулуштун баасы миллион сомдон ашыкча болсо да анын баарын төлөөнү эл өз мойнуна алып жатат. Курулуштун пайдубалын жана дубалын куруу ишин ДЭУ-961 ишканасы өз мойнуна алууда.
К.Бердибеков жана Калинин көчөсүндөгү мечиттин имамы Козубек Мамаюнусовдун жетекчилиги менен бул көчөнүн жашоочулары алгачкылардан болуп таш ташууну башташты.
Булардын демилгесин Мургабдын башка көчөлөрү, кыштактары кеңири колдоо менен таш ташууну белгилеп жатышат. Элдик курулуш болгон борбордук мечиттин эпкиндүү курулушу башталды. Кана эмесе кол кабыш кылалы.
Эки миң сом которду
Райондук керек-жарак коомунун эмгек жамааты да мечиттин курулушуна эки миң сом которушту. Жамаат ошону менен эле чектелип калбастан мечит¬тин курулушуна график боюнча таш ташуу иштерине үзгүлтүксүз катышууну да чечишкендигин Mургаб ра¬йондук керек-жарак коомунун башкармасынын төрагасы Жаныш Мурзамамбетов гезиттин редакциясына телефон аркылуу билдирди. Соода системасынын кызматчылары чынында эле 13- май күнү биринчи жолку ишембилигине график боюнча чыгышты.
М.Жумабаев
«САРЫ-КОЛ» Мургаб райондук элдик
эркин гезит №14 20-май 1992-жыл.