Кадамжайда Тажикстандан келген 11 кыргызга кайрылман күбөлүгү тапшырылды (сүрөт)

Кадамжай районунда Тажикстандан келген 11 кыргызга кайрылман күбөлүгү тапшырылды. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты. Маалыматка караганда, күбөлүктөрдү Кадамжай районунун акими Баяке уулу Болоткан тапшырды. Кайрылман күбөлүгүн алгандар Кыргызстандын жарандыгын алууга мүмкүнчүлүк алышат.


Кайрылман - чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адам болуп саналган, Кыргыз Республикасына ыктыярдуу түрдө көчүп келүүчуү жана кайрылман статусун алган этностук кыргыз;


Этностук кыргыз - чет мамлекеттин жарандыгына ээ кыргыз улутундагы адам же жарандыгы жок кыргыз улутундагы адам;


Кайрылман статусу - Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганга чейинки убактылуу укуктук статус;


Кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүч аймактык органга кайрылман статусун берүү жөнүндө өтүнүч берген адамдардын эркин билдирген документ;


Кайрылмандын ырастамасы - кайрылман деп таанылган адамдын инсандыгын ырастаган жана бул адамды жана анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын аймагында турган жери боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органдарында каттоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жеңилдиктерди алуусу үчүн негиз болуп берген документ.