Алай районуна Памирлик кыргыздар үчүн үйлөр курула баштады (сүрөт)

Алай районуна караштуу Талды-Суу айылында памирлик кыргыздар үчүн 7 үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү билдирди.

 

Бүгүн, 21-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн Талды-Суу айылында памирлик кыргыздарга деген үйлөрдүн курулушун баштоо иш-чарасына катышты.


“Өкмөттүн өкүлү Узарбек Жылкыбаев памирлик кыргыздардан кабар алып, азык-түлүктөрдү берди”,-деп айтылат маалыматта.

 

alai-raionuna-pamirlik-kyrgyzdar-ch-n-il-r-kurula-bashtady 1 alai-raionuna-pamirlik-kyrgyzdar-ch-n-il-r-kurula-bashtady 2
alai-raionuna-pamirlik-kyrgyzdar-ch-n-il-r-kurula-bashtady 3 alai-raionuna-pamirlik-kyrgyzdar-ch-n-il-r-kurula-bashtady 4

 

Аталган курулушка республикалык бюджеттен 10 миллион сом каражат бөлүнүп, 1,2 гектар аянтка 7 үй курулаары маалым болду. Курулушу бүткөн үйлөргө Нарын облусундагы памирлик кыргыздар көчүрүп келинет.


Ооганстандан көчүрүлүп келген 11 үй-бүлө учурда Сары-Таш айылындагы мектептин имаратында жашап жатышат. Алар Кыргызстанга 2019-жылы келишкен.