Чоң абамды эскерүү (1941-1945)

cho-abamdy-esker-1941-1945 2Мен ушул баянымда өз мекенине аз да болсо кызмат көрсөтүп, бирок аты аталбай көмүскөдө калган чоң абам Жусупов Мамажакып (1925-1943) тууралуу айткым келди. Чоң атабыздын түпкү мекени, Кыргызстандын азыркы Араван районунун Төө Моюн айылы болгон экен. Ал чоң абам Жусупов Мамажакып болсо 1925 жылдын 25 апрелинде туулган экен. Ал эми чоң энем Ахматова Арзыгүл, уруусу кыпчак Чоңалайдын кызы болгон экен. 1936 жылкы репрессияда аларды куугуктуктоо башталат.


Ошол кезде чоң абам Жусупов Мамажакып жана Жармамат(менин атам) аттуу эки уулу жана чоң энем болуп Чоңалайда турушкан. Чоң энем Ахматова Арзыгүлдүн айтуусунда, 1936 жылы, чоң атам Жусуп дагы ошол репрессиядагы атыла турган адамдардын кара тизмесине илинген экен. Бул кезде алар Чоң Алайдын Ачы Суу деген жеринде турушчу экен. Ошол жерден чоң атам Жусуп кара тизмеге кирет.


Муну билип калышкан үй бүлө түнү менен Ачы Суудан Мургап жакка ашып келишет. Үйү жайын таштап эки ат менен келишет. Алар районго кире алышпай, Чечектиге келишип, Карнай тартты деген жерди жердеп туруп калышат. Бийликтен коркуп элге аралаша алышпаган алар, ошол жерде бирөөлөрдүн бир короо коюн багып туруп калышат.


Ошол жерде жүрүп, 1939 жылы чоң атам Жусуп дүйнө салат. Үй бүлөнү багуу түйшүгү ошол кезде 14 жаштагы Мамажакып чоң абама жүктөлөт. Бирок бул үй бүлөгө да куугунтук келип таап алышат, чоң атам Жусуптун көзү өтүп кеткендиктен, аларга тийишпейт. Мамажакып чоң абам Чечектиден Мургапка ат менен каттап окуган экен.


Кийин 1941 жылдагы Ата Мекендик согуш башталат. 1943 жылы менин чоң абам Мамажакыпты 18ге толук толо элегинде согушка жөнөтүшөт. Чоң абамды эл душманынын баласы дешкен экен ошондо. Ошол 1943 жылы согушка алып кеткен соң эки жолу кат келген экен, согушка киребиз даярданып жатабыз деп жазган экен, үчүнчү катында Ленинградга келдик деп жазган бойдон кабар келбей калат. Бирок көп узабай Жусупов Мамажакып Ленинград үчүн согушта курман болду деп, кара кагаз келген экен. Кыскасы, Мамажакып чоң абам кетип алты айдан соң, Ленинграддагы салгылашууда окко учту деп кабар келет.


Бул окуяны мен чоң энемден, өзүмдүн атамдан (Жармат) жана акыркы жолу Жусупов Шермат абам көп жолу айтчу. Мамажакып абамдын жалгыз сүрөтүн ошол Шермат абам ушуну бир жерлерге айтчы жок дегенде согушка катышкандардын тизмесине коштуруп кой, же гезитке бер деп дайындаган эле. Биз бул окуяны жатка билсек да эч ким эч жерге кайрылбадык. Бул, балким көңүл коштук шалакылыктыр. Бүгүнкү күндө муну жазып аз да болсо өз урпагымды элге таанытпасам, мойнума карздай сезилди.


Окурман, менин аңгемем аяктады, бирок жүрөктүн түпкүрүндө жүргөн көп маселенин бирин чечип, жеңилдегендей сездим өзүмдү. Ушул, жомокко тарыхка айланган чындыкты жазып койдум. Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерээр... деген го залкар акын жазуучу Аалы Токомбаев. Мен бул чоң абамды тоодой эмгек сиңирди дегенден алысмын, дегим жок, бирок жаш да болсо эл жерин коргоого, согушка катышып, баатырларча курман болгон экен бейиши болгур. Мамажакып чоң абам үч бир туугандын улуусу болгон экен.


Көңүл буруп окугандарга терең ыраазычылык билдирем.


Жамила Жусупова

Кара-Балта шаары

www.sary-kol.ru 

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.