Күндө санаа оюңуз

Күндө санаа оюңуз

Илгери бир карт бойдок Тоюн аттуу күйөөдөн чыккан келинге үйлөнөм деп, кыш айларында мал жутап турган мезгилде, тууган уругуна тополоң салат экен. Ошондо агасы Мурзапаяз деген киши инисине акыл айткан экен.

 

Күндө санаа оюңуз,

Күздө деп болжойм тоюңуз.

Ак карлуу кышта арбайып,

Арык бир болот коюңуз.


Камдаган кара союшуң,

Караймын туяк оюшун.

Кулагын эмес куркуйган,

Курсагын ойлойм тоюшун.


Даңгинин белин караймын,

Далай бир койду санаймын.

Түлөбөй жүргөн эчкинин,

Түгүнү кантип тараймын.


Кызылдан бархут жабарым,

Кыйытпа тойдун кабарын.

Согулбай турса соолугуң,

Союшту кайдан табамын.


Кыл кыйбай турса улагың,

Кыйкырбай учса уларың.

Топтошсо жороң токмоктой,

Тополоң кылчу буларың.

Шорпого салчу майыңыз,

Шорголоп турса сайыңыз.

Белдемчи баасыз бегиңиз,

Бекерге кетер айыңыз.


Кыйытып сөздү кырк ырдан,

Кыйма бир сакал кыркылган.

Чаар өгүздүн жонунда,

Чапаның кетер кыр-кырдан.


Тоютту түздөп алдырың,

Тоюңду күзгө калтырың.

Дөө пирлер кулап кетсе да,

Дөңсөөгө дүрбү салдырың.


Койо тургун оюнду,

Колго кармап боюңду.

Күнгөйдүн чөбүн откоруп,

Күздө бир сойгун коюңду.


Толгой кармап билектен,

Токтотуп тургун Тоюнду.

 

Уламышты ырга айлантып жазган:

Акын КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Өскөнбай Бердибаев

www.sary-kol.ru 

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.