П.Кенжебаева “Сыйлай жүр”

Сыйлай жүр

Бул дуйнө бизге аманат тууган,

Сыйлашып бирге жүрөлү дайым.

Көңүлдөн артык эмне бар айтчы,

Тууганга, доско сый менен жакчы.


Сыйлоодон артык дүнүйө барбы,

Сыйлай билсек кандай бир жанды.

Өлөсүң бир күн жыйганың калат,

Көңүлун алган баарыдан жакшы.


Ал сени ойлоп арманың кылбайт,

Көңүл айтып тууганың жыйбайт.

Андан көрө адамды сыйла,

Сен өлүп кетсең балдарың сыйлайт.

Кудайдан чындап тилесек

Болуп жаткан азыркы кымбатчылык турмушубуз,

Убактылуу өтүп кетер өткүндүр.

Пендебизге тилейличи күнү-түнү кудайдан,

Тилегибиз кабыл келип өтөрдүр.


Ичибизди кенен салып, пейлибизди оңдосок,

Ушак кууп артыбыздан жамандаганды койсок.

Арабызда кара ниет адамдарды,

Көзгө айтып ошол адатты жойсок.


Көрсөтпөсүн адамдарга кыйынчылык күндөрдү,

Угузбасын адамдарга муңдуу жаман үндөрдү.

Арзандыкты мурункудай калыбына келтирип,

Кайра берсин кадимкидей кеңиричилик күндөрдү.


Арзанчылык кайра келип заманыма,

Жыргал турмуш көрүшсүнчү бала-барка.

Кыйынчылык эмне экенин билишпестен,

Турмуш ырахатын көрүшсүн жыргап кана.

Паашахан Кенжебаева


«САРЫ-КОЛ» Мургаб райондук

элдик эркин гезит №14 20-май 1992-жыл.
www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.