Боор барбы сенде, кыргыз!? Биз кайсы кылымда жашап атабыз да, памирлик боордош кыргыз калкы кайсы кылымда жашап атат, бурадар? Кудум таш доорун элестеткен тирукмуш заманда күн кечирген кандаштарыбыздын кайгы-касиретин уккан жан барбы бүгүн!? Ит көргөн жашоо-турмушту баштан кечирген оогандык кыргыздар жөнүндө 90-жылдардын башында кайран эл деп Дооронбек Садырбаев бир канкакшады эле. "Кайран эл!" - деп жүрүп, өзү кайран болгон…