"Памир кыргыздары катаал турмушта"

"Памир кыргыздары катаал турмушта"

Акылбек Атабаев, "Манас-Ата" этникалык кыргыздарды колдоо фондунун төрагасы: Чет өлкөлүк кыргыздардын турмуш-шартын, үрп-адат, каада-салтын изилдеп келе жаткан "Манас-Ата" аттуу этникалык кыргыздарды колдоо фонду бар. Аталган фонд коомчулук алдына анча чыкпаганы менен тоодой жумуштарды аркалап, кыргыз үчүн үлкөн иштерди аткарып жатыптыр. Жакында Ооган кыргыздарына барып кайткан экен. Биз фондун төрагасы менен ушул сапар жана аткарып жаткан иштери тууралуу баарлаштык.

 

- Акылбек Осмонович, "Манас-Ата" фондунун максат, мүдөөсү эмнеде? Кандай шартта иш алып барып жатасыздар?

 

- Фондубуздун негизги максаты этникалык кыргыздарды колдоо болуп эсептелинет. Тактап айтканда Кыргызстандан сырткары жашаган кыргыздарга жардам беребиз. Ошол эле учурда Ата-Мекенине кайтып келген кыргыздар менен дагы терең кызматташып, көйгөйлүү маселелерин чечкенге көмөктөшөбүз. Эки жылдан бери "Этникалык кыргыздардын энциклопедиясын" чыгаруу үчүн иш жүргүзүп жатабыз. Ага Америкадан баштап Японияга чейин тараган кыргыздардын тарыхы, этнографиясы, маданияты, үрп-адаты, салт-санаасы ж.б. изилдеп, башка өлкөлөргө кыргыздар кантип, кандай жол менен барып калганын тарыхий булактардан иликтеп жатабыз. Мындан сырткары Кыргызстандан тышта жашап, кыргыздын даңкын чыгарган Азамат Алтай, Жусуп Мамай сыяктуу улуу инсандардын кыргыз үчүн жасаган эмгектерин, басып өткөн жолун энциклопедияга камтыйбыз.

 

Pamir kugiz kataal tyrmУшул иш менен алектенген күндөн баштап четөлкөлөргө байма-бай каттадык. Башка өлкөлөрдө жашаган кыргыздардын турмуш-шарты менен тереңден тааныштык. Алар менен маңдай-тескей отуруп баарлашып, Ата-Мекенге болгон кусалыктарын эшиттик. Мына ушулардын баарын көргөндөн кийин этникалык кыргыздарга жардам көрсөтөлү, алардын ал-жайын биз эле эмес, жалпы кыргыз журту билсин, кийген кийиминен тартып, кандай шартта жашаарынан кабардар болушсун деген тилек менен "Аалам Кыргыздары" аттуу журнал чыгара баштадык.

 

- ...Аталган журнал Кыргызстандын ичине эле тарайбы?

 

Pamir kugiz kataal tyrm-1-- "Аалам кыргыздары" эларалык-адабий көркөм журнал. Муну Кыргызстандыктар сыяктуу эле четөлкөдө жашаган кыргыздар дагы окуйт. Журналга этникалык кыргыздардын жашоо-турмушунан, тарых-таржымалынан сырткары этникалык кыргыздардын фольклорунан баштап поэзиясы, прозасын чагылдырып беребиз. Негизинен "Аалам Кыргыздары" эларалык деңгээлдеги журнал болот деген чоң ишеничте турабыз. Анан материал жыйноо иштери менен 2006-жылы Кытайдагы кыргыздарга, 2007-жылы Турциядагы кыргыздарга, 2008-жылы Тажикстан менен Ооганстанда жашаган Памир кыргыздарына барып келдик.

 

- Сөзүңүзгө аралжы, учурда коомчулук Ооганстанда жашаган памирлик кыргыздарга көбүрөөк кызыгышат, ушуга тереңирээк токтолсоңуз?

 

Pamir kugiz kataal tyrm-2-- Памир тоолорун мекендеген Сарыкол кыргыздары ХIX кылымда Англия, Россия, Кытай империяларынын кызыкчылыгынын негизинде үчкө бөлүнүүгө дуушар болушкан. Бир бөлүгүн Кытай, экинчи бөлүгүн Англия колония кылып турган Пакистан менен Ооганстан, үчүнчү бөлүгүн Россия империясы алган. Кийин, Россия империясы ичиндеги өлкөлөрдүн чегин аныктаганда Памир кыргыздарын Тажикстандын курамына киргизип салган. Жыйынтыгында, бир жерди жердеп, бир өзөндүн суусун ичкен кыргыз эли ар башка өлкөлөрдө жашап калды. Кошумчалай кетээрим, башка жакта жашаган этникалык кыргыздарга караганда Памир тоосун мекендеген кыргыздар өзгөчө мааниге ээ. Анткени, ошол чөлкөмдө азыр жашаган элдин 98% кыргыздар. Сарыколдуктар (Памир аймагындагы кыргыздар жалпы Сарыколдук кыргыздар делет) кайсы мамлекеттин курамында калганына карабай бүгүнкү күнгө чейин тилдерин так сактап, үрп-адат, салт-санаасын унутпай, нукура кыргыз бойдон жашап келишүүдө. Алардан кыргыздын байыркы салттарын, медицинасын, кол өнөрчүлүгүн көрүүгө болот. Ушуларды көрүп туруп, Памир кыргыздарына өзгөчө көңүл буруу абзел экенине ынансың. Биз дагы ушуну эске алып Ооган жана Мургаб кыргыздарына эки, үч долбоор даярдап, быйылкы жылы ишке ашыруунун үстүндө турабыз. Кудай буйруп, максатыбыз оңунан чыкса, Оогандык кыргыздарга мектеп, турак жай үйлөр салына баштайт.

 

Ооганстандагы кыргыздарга болсо, Миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу комитетинин жетекчилиги астында Кыргыз өкмөтүнүн гуманитардык жардамы эки жолу жеткирилди. Барган делегация Ооганстандагы кандаштарыбыздын жашоо шарты өтө оор экенине күбө болдук. XIX кылымдагы шарт менен боз үйдө жашап, коломтого от жагып, ар кайсы коктуларда көчүп-конуп, көчмөн турмушта күн кечиришүүдө. Негизги кирешеси мал чарбачылыгында. Өкмөт тарабынан эч кандай камкордук жок. Кышында жол жабылып, каттоо жагы кыйынга турат. Тамак-аш маселесинде Пакистанга барууга туура келет экен. Биз дагы ушул багытта акыл калчап, бир долбоорубузда Ооганстандагы кыргыздарды апкелип, аларды араб арибинде окутсак деп турабыз. Кат-сабаты жоюлгандан кийин өз жерлерине жеткирсек, өкмөткө маселе коюп, эларалык уюмдар менен иштешип кетет деген тилегибиз бар. Негизинен эле биздин фонддун максаты - нанды бере бербей, ошол нанды кантип таап жегенди үйрөтүү. Себеби, Кыргыз өкмөтү ар дайым эле жардам берип туралбайт да.

 

Ал эми Тажикстандын Мургаб районунда жашаган кыргыздардын жашоосу жакшы. Аларга Тажик өкмөтү чоң камкордук көргөнү ачык байкалып турат. Мургабдыктар бизден материялдык жардам күтпөгөнү билинди. Алар Кыргыз өлкөсү тарабынан моралдык, рухий, укуктук жардамдарга муктаж экен. Биз барганда китеп ала барганбыз, жакында биздин фонд Миграция комитети менен биргеликте дагы 60ка жакын адабий китептерди жөнөттүк. Ал эми Кыргызстанга келип-кетүү маселесиндеги тоскоолдуктарды өкмөт жакын арада жөнгө салат деген ойдобуз. Мындан сырткары биздин фонд үстүбүздөгү жылдын август айында этникалык кыргыздардын фестивалын өткөрүүнү максат кылып турабыз. Буга Кытай, Венгрия, Энисей, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Ооганстан, Турция кыргыздарын, Россиядагы кыргыз дияспораларын, Харбиндеги Фу-Йу кыргыздары чакырылат. Фестиваль бүткүл кыргыздардын борбору борбору Бишкекте өтөт. Мунун максаты сыртта жашаган кыргыздын бири-бири менен болгон карым-катышын күчөтүү. Кыргыздардын духун көтөрүп, дем берүү, бириктирүү.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены