Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусунда Мургаб деген кыргыз район бар. Калкынын 85 пайызы кыргыз болгону менен күч жана башкаруу органдарына жалаң тажик улутундагылар дайындалат. Союз ыдырагандан бери электр жарыгы жок отурган калкка кезегинде Аскар Акаев "Ильич шамын" жеткизем деп жүрүп, 15 жылды өткөзүп жиберди. Андан бери кыргыз бийлиги көп нерсени убада кылып, бирин да аткарган жок. Ал гана эмес, "Кыргызстанга өтүп…