Этникалык кыргыздар

Жаңы-Жерде жер талаш

Жаңы-Жерде жер талаш

Сокулуктун Жаңы-Жер айылына Тажикстандан көчүп келген кыргыздар өкмөттөн жер бөлүп берүүнү талап кылууда. Алар Жаңы-Жерде 18 жылдан бери турушса да, турак-жай үчүн да, чарбалык иштери үчүн да үлүш жерине ээ боло албай жатканына даттанышат. Бул айыл округунда 34 улут өкүлдөрү түтүн булатышат. Жерге-Талдан келгендер жерге муктаж Тажикстандагы жарандык согуштан баш калкалап качкан андагы Жерге-Тал, Шаар-Туз, Мургаб жергесинин тургундары 1993-жылдан тарта…

Качан жер алабыз?

Качан жер алабыз?

Биз Сары-Могол айыл округунун жашоочулары 2004-жылга чейин Тажик Республикасынын Мургаб районунда жашап келдик. 2004-жылдан баштап биз жашаган жердин ижара мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу, 2004-жылы январь айында Алай районуна элибиз-жерибиз менен кошулдук. Ошондон бери 7 жылдын жүзү болду. Кыргыз жараны болуп жашап жатсак дагы жер үлүшүн ала элекпиз. Бул боюнча кайрылбаган жерибиз калган жок, эч кандай жыйынтык чыкпай келет. 2010-жылы Ынтымак…

Кытайлык кыргыздардын "Талма бийи"

Кытайлык кыргыздардын "Талма бийи"

Кыргыздын байыркы «талма бийи» тууралуу уккандар бар, көргөндөр калбаса керек. Бүбү-бакшылар оору-сыркоону үстүңкү дүйнөдөн арбактардын дабасын алып келип дарылаган бул ыкма Кыргызстанда жок болуп кеткен. Бирок «талма бий» бүгүн Кытайдын Кызыл-суу областынын тоолуу кыштактарынын биринде сакталып калган. Тегирметидеги Талма бий "оюну" «Оюн коюлат экен» деген кабар тарагандан көп өтпөй, боз үйгө эл чогула баштады. Тоо койнундагы айылда бүгүн сыркоо…

Топоздун артынан топоз, топурактын артынан топурак болгон Кичи Памир кыргыздары

Топоздун артынан топоз, топурактын артынан топурак болгон Кичи Памир кыргыздары

"Элин сагынбас эр болбойт, үйүрүн сагынбас ат болбойт" деген сөз бар кыргызда. Анын сыңарындай, памирлик кыргыздардын өз элине келсек дегенде эки көзү төрт эмес, сегиз. Үйүрүнөн адашкан малдай болуп тоонун башында калып калышып, 16-кылымдын жашоо шартында жашап жаткан боордошторубузду жакында тогуз адамдан турган топ өз көздөрү менен көрүп келишти. "Кыргыз бутагы" коомдук фондунун директору Гүлзат Болотова: "Боордошторубуз акыркы 10-15 жылдын…

Ооганстандагы кыргыздар жардамга муктаж

Ооганстандагы кыргыздар жардамга муктаж

Ооганстандын Памир өрөөнүндө бир жарым миңден ашуун кыргыз жашайт. Ооган парламентинин төмөнкү палатасынын мурдагы депутаты Турди Ахун Атабек уулу «Азаттыкка» Анкара шаарынан телефон аркылуу курган маегинде Памир жергесиндеги кыргыздардын жашоо турмушунун оордугун айтып, Кыргызстан менен алакалар кеңейсе деген тилегин билдирди. Турди Ахун Атабек уулу 46 жашта, 8 уул, 1 кыздын атасы. Кабул шаарында турат. …

Рахманкул хан жонундо соз

Рахманкул хан жонундо соз

– Сулайман мырза, мына сиз төрт-бeш жылдан бeри Ван шаарындагы Жүзүнчү жыл унивeрситeтиндe иштөө мeнeн биргe, Ван ooданына караштуу Улуупамир айылында жашаган кыргыздардын маданиятын, ooзeки чыгармачылыгын, тилин, тарыxын изилдeп жүрөсүз. Учурда улуупамирликтeрдин абалы кандай? – Улуупамир айылында жашаган кыргыздар бул күндөрдө кары-жаш дeбeй кышкүрөө мeнeн алeк. Жылдагыга oкшoбoгoн быйылкы кыштын мизин баардын алгачкы апталары кайтара алчудай эмeс. Эки мeтрдeн…

Страница 121 из 126