Мекенин сагынган Абдрашит хан

Мекенин сагынган Абдрашит хан

Ооганстандагы Памир тоолорунда жашаган, деңиз деңгээлинен 4100- 4200 метр бийиктикте жайгашкан боордошторубузга былтыркы жылдын июль – август айларында өз өмүрүн тобокелге салып барып келген жердештерибиз Иса Өмүракунов менен Замир Байтоковко жолугуп баарлашып калдым. Боордоштор жөнүндө алардан угуп олтуруп, «Памирлик кыргыздар» жөнүндө көп айтылып, жазылып, теледе көрсөтүлүп жүрсө деле дагы бир ирет алар жөнүндө сөз кылып өз оюмду айтайын дедим.

Улуу жана Кичи Памир тоолорунда жайгашкан калайык калктын саны 3,5 миңдей. Анын 2 миңдейи Кичи Памир тоолорунда отурукташкан. 3500 метр бийиктикте жайгашкан Сархат айылына чейин гана машина менен барууга мүмкүн. Андан ары «Вахан өрөөнү» башталат. Ал жерде вахандар жашашат экен. Алар ата-теги жок эл. Ооган жана тажик элинен келип чыккан калк деген имиштер бар. Алар келген туристтерге жалданып ат, эшек берип, тоодогу кыргыздарга чейин жеткирип иштешет. Таштан салынган үйлөрдө жашап, кичинекей жерлерге буудай эгип, жан багышат. Мал абдан аз, жалпысынан кедей калк.

 

Эми кыргыздарга кайтсак, жарандык 1-2 гана кишиде бар. Жалпы калктын паспорт менен иши да жок. Ошого карабастан Оогандык тоолук кыргыздарды шайлоо учурунда эске алып турушат. Мурунку кыргыздардай болуп калкты Абдрашит хан башкарат. Абдрашит хан менен Осмон ажы ылдый түшүп, Оогандын президенти Карзайдан керектүү нерселерди сурап, муктаждыктары менен кайрылып турушат. Алар болсо кыргыздарды аябай сыйлап, суранычтарын тез орундатканга аракет кылышат. Кичи Памир Кытай, Пакистан, Тажикстан менен чектелгендиктен, Памирлик кыргыздар ун, кээ бир азык-түлүктөр, кийим кече үчүн 8 күндүк жол басып, Пакистанга барып алып келип турушат. Бул кыргыздар биздин ата-бабаларыбыздын жашоосун көз алдыга тарткан жашоо менен күн өткөрүшөт.

 

 

Мурунку кыргыздар сыяктуу этти камырсыз, тартышат. Эң таң калычтуусу накта кыргыз тили, үрп-адат, меймандостугу дагы сакталып калган. Келин алуу биздин эсеп боюнча болжол менен 500 миң сомдой, тактап айтканда, 1 кыздын калыңына сөзсүз 25 кой, 9 топоз, 1 төө бериши керек. Кыргыздар уруу-уруу болуп жашашып, кул жалдашат. Кулдар-булар вахандар. Кээде өздөрү келип, кээде кыргыздар барып жалдап келишет. Алар кулдар сыяктуу эле койлордун арасына жатышып, ээсине сөз кайтарышпайт. Эмгек акысы болгону жылына 1 кой. Дагы бир кызыгы, мүрзөнүн үстүнө мурунку кыргыздардай болушуп таяк сайып, анын учуна аттын жалын же топоздун куйругун байлап коюшат. Мурунку кыргыздардай болуп дегенимдин себеби, ислам дини келгенче бизде да ушундай салт болчу экен. Бул калктын көчмөндүгүн билдирген символ катары колдонулчу.

 

Жашоо-тиричилиги мал чарбачылык. Негизинен топоз, эчки, кой кармашат. Бээ кармап, кымыз ичишпейт. Бийиктиктен улам түтөгүп, өлүп калышы мүмкүн. Топоздун этин жеп, сүтүн ичип, сүттөн сары май жасап, карындарга куюшат, сүзмө сүзүп, курут жасашат. Ошондой эле топоз унаа катары дагы колдонулат. Мингенге жылкы (айгыр) кармашат.

 

Техника жөнүндө сөз кыла турган болсок боз үйлөрдө, сыналгылар бар экен. Алардын, электр энергиясы жөнүндө түшүнүгү дагы жок. Ал эми сыналгылар атайын күндөн даярдалган батареялар менен иштешет. Калайык калк жалпысынан сабатсыз. Ошого карабастан алар 2 тилде, өз жана вахандын (фарси) тилинде жашынан карысына чейин так сүйлөшөт. Оорукана, медицина деген таптакыр жок. Ошондуктан бирөө-жарым ооруп калса, кудайдын барманы менен эле айыгат. Өзгөчө аялдар үчүн абдан кыйын. Себеби, 12-14 жашында турмушка чыккан кыздар эрте ден-соолугунан айрылышып, тө­рөт­төн көпчүлүгү көз жумушат. Төрөлгөн наристелердин да көпчүлүгү турбайт. Шамалдуу бороон болгондугуна байланыштуу негизги оору-муун оорусу. Ушуга (шамалга) байланыштуу эр­кек-аял дебей баштарына жоолук же чүпүрөк оронуп жүрүшөт. 45-46 жаштагы аялдар биздин 70-75 жаштардагы апаларыбыздай кө­рү­нү­шөт.

 

Ушундай кыйын жашоо-турмуштан улам, аялдар 45 жашында эле керээзин айтышып, коштошо башташат. Дагы бир коркунучтуу нерсе, тоо кыркасын бойлоп, Памир дарыясы агып өтөт. Жолдор ичке, коркунучтуу тике, шагыл болгондугуна карабастан, жер­ги­лик­түү калк эптеп ары-бери каттап турушат. Аркы өйүз менен берки өйүздү бириктирген, Памир дарыясын кесип өткөн жалгыз бир гана жыгач көпүрө бар. Эгерде ал сынып калса памирлик кыргыздар үчүн кыйын турмуш башталаары эч шексиз. Себеби, жыгач табуу алар үчүн эң кыйын. Акырында памирлик туугандарыбыздын, Абдрашит хандын суранычына көңүл бура кетели. «Аз сандагы бизди Кыргызстанга көчүрүп кеткилечи. Ал жактын топурагын уучтап, беш күн болсо да ошол жерде жашап өлсөк, арманыбыз жок эле…» деп муңканыптыр.

 

Мекендин баркын четте жүргөн адам баалап билээри чын. Боордошторубуздун арманы аткарылаар күн качан келет. Албетте, бул жогору жактан, мамлекеттик деңгээлде чечилчү маселе деңизчи. Ошентсе да бөтөн элде, жапан турмуш кечирип жаткан кандаштарыбызга кыйын болуп жатканын гезит аркылуу айтып коёюн дедим. "Жаны Ордо" ,№1 (263)

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены