Манастын түпкү мекени Сары-Колбу?

Манастын түпкү мекени Сары-Колбу?

Манас кыргыз улутунун улуу сыймыгына айланганын эч кимибиз тана албайбыз. Ар бир кыргыз айкөлдүн арбайына сыйынып келгени да тандыра койбойт. Бирок, турмуштун катаал сыноолоруна туш болгон баатыр бабабыз Манастын окуясын баяндаган эпостун тагдыры учурда дагы талашка түшүп отурат. Биз билгенден буга чейин эле Манас эпосун бир топ улут өзүнө энчилөөнүн амалын көрүп, далилдей албаган соң, кол куушуруп келген болсо, байкатпай келген кытайдын кыйды саясатынын сыйыртмагы кыргыздын улуу жомогун жулуп кетүү коркунучун жаратып отурат. Саналуу болсо да, намыс дегенде ичкен ашын жерге койгон улутташтарыбыз бул маселени көз жаздымда калтырбай коомдук пикир жаратып, эларалык чөйрөгө таасир этүүнүн далбасын көрүшүүдө. Буга шүгүр дешибиз керек. Бирок, бир ууч топту тиктеп отура бербей, Манасты сактап калуу үчүн үн кошуу ар бир кыргыздын милдети экендигин сезип, оюбузду ортого салып отурабыз.

 

Башка элдер, бөтөн улуттар Манас кыргыздын баатыры экендигин тана алышпайт. Бирок, улуу байлык, чоң мураска айланган Манас эпосун талашып келүүдө. Кытай да эпосту талашууда. Менимче, талашка түшкөндүгүнүн бирден бир себеби, Манас эпос же жомок катары кабыл алынып жаткандыгында. Же оозеки айтылган баалуу өнөрлөргө киргендиги үчүн барктуу болуп жатат десек болот. Мындай шартта биз мамлекеттик деңгээлде изилдөө жүргүзүп, бабабыз Манасты тарыхтан таап чыгуу аракетин ыкчам көрүүбүз кажет. Дегеним, эгер Манасты тарыхый адам катары көрсөтө алсак, талашып жаткан эл ата-бабасын өлтүргөн өз душманын даңазалагандан өзү эле уялбайбы. Эч кайсы улут, өз душманын мураска айлантып, баатыр кылбайт эмеспи. Ошондуктан, жапа тырмак киришип, Манас атабызды эпос же жомок катары көрсөтө бербей, тарыхтан карай турган учур келди го дээр элем. Биздин кемчилик ушунда болуп жатпасын.

 

videoknopkaМанасты тарыхтан табууда жер аттары негиз түзүп берээрин окумуштуулар айтып келүүдө. Эпосто аталган жер аттарынан улам кыргыздардын дээрлик баары, ал тургай тарыхчылар да "биз Алтайдан" келгенбиз деген тыянакты чыгарып келет. Бул "Манас" эпосунан улам айтылганы баарыбызга дайын. Ооба, улуу эпосто Манастын атасы Жакып Алтайга куулуп, анан кайра Ала-Тоого келгени айтылат. Бирок, Алтайга кайдан качканыбыз "Манас" эпосунда так жазылып турса да, аны толук ачып бералбай бүгүнкү күнгө чейин табышмактатып келебиз. Мына ушул учукту тапсак, кайсы бир кылымда кыргыздар түзгөн же Манастын атасы Каракан же Ногой хан кураган хандык табылышы мүмкүн. Экинчиден, кыргыздар орустун колониялдык саясаты менен түзгөн тарыхы же "Манас" эпосундагы Алтайдан бери карай гана жазылган тарых чүргөмөсүн кайра карай турган күн келгенин баары эле айтып жүрөт. Негизи, "Манас" эпосунда Кыргыздар өз хандыгын орноткону, анан кытай баскынчыларынан жеңилүүгө учурап, туш тарапка куугунтукталганы кыргыздын эки манасчысында тең баяндалып жатат. Манастын ата-бабасы жердеп, алгач куугунтукталган жердин аты "Сары-Кол" деп айтылган. Анда кепти ушул аталыш боюнча баштайлы.

 

Схематикалык картада болжол менен 70 миң чарчы чакырымга жакын аянтты ээлеп, чыгышы Кытай, түштүгү Индия, Пакистан, Ооганстан, Батышы Тажикстан, түндүгү Кыргызстан менен тогошкон тоо кыркасы Сары-Кол деп аталат. Сары-Кол жалпы ат. Анда дүйнөдөгү эң бийик чокулардын катарына кирген мурунку Опол тоо, азыркы Музтаг-Ата (Муз тоо), Ленин жана Коммунизм (Самони) чокулары жайгашкан чоң өрөөн. Сары-Кол өрөөнүн кылымдар бою кыргыздар мекендеп келишүүдө. Анда жашаган кыргыздар бүгүнкү күнгө чейин сарыколчу кыргыздар делет. 19-кылымдагы Англия, СССР, Кытай империяларынын баскынчы аскерлери Сары-Колдо тогошуп, үч өлкө үчкө бөлүп салышкан. Үч улуу мамлекеттин курмандыгына айланган Сары-Кол аймыгандагы кыргыздар учурда үч мамлекетте турмуш кечирүүдө. Бир бөлүгү Кытайда Ак-Тоолук (Опол, Музтаг-Ата) кыргыздар. Экинчиси, Тажикстанда мургабдык кыргыздар (кээде бадахшандык кыргыздар), үчүнчүсү Ооганстанда памирлик кыргыздар болуп бөлүндү. Үч мамлекетте жашаган кыргыздардын кимисине барып сураба, баары "мен сарыколчумун" деп жооп берет. Географиялык карталарда дагы Сары-Кол деп белгиленет. Азыр да үч өлкөгө караган (Тажикстанда, Ооганстанда же Кытайда болобу) Сары-Кол аймагындагы күн кечирип жаткан элдин 90-100 пайызы кыргыздар. Ошол өрөөндөгү жер-суунун аттары дагы кыргызча айтылат. Мындай көрүнүш тарыхта Сары-Кол аймагы кыргыздын жери болгондугун так айгинелеп турат. Муну эч кимибиз тана албайбыз. Тарых дагы тандырбайт. Эми жер туурасында сөздү узартпай, кеп тизгинин кыргыздын улуу манасчылары С.Каралаев менен С.Орозбаковдун айтуусу менен Союз учурунда кыскартылып түзүлгөн

 

"Манас" эпосундагы окуяларга сереп салалы.

Эки манасчынын айтуусундагы окуялардын алгачкы жүрүшү же кайдан куугун жеп чыккандыгы жөнүндө сөз болгондо Сары-Кол өрөөнүндөгү жер-суу аттары атала баштаганын көрөбүз. Аны далилдүү айтып берүү үчүн алгач Саякбай Каралаевдин вариантындагы окуялардан баштайлы. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча "Манастын туула элегиндеги бабалары" деген темада баатырдын ата-бабасы дал Сары-Кол аймагында жүргөндүгү айтылат. Кытайдын Алооке ханы кокусунан кол салып, Кыргыздар кыргынга учураганы баяндалат. Кыргыздардын бир уруусу Нойгутту чапканда, Акбалта Каракандын балдарына келип баш калкалап, баскынчыларга каршы күрөшүүгө аракет көрөт. Каракандын балдары намыстанышып, жерибизди талатып-тонотуп тирүү жүргөндөн көрө өлөлү дешип, кытайга каршы аттанып чыгышат.

Баштаган Жакып, Акбалта

Алтымыш балбан аттанып,

Кең Кашкар ылдый жакалап,

Сай буудандын баарысын

Кайра баштан такалап...

- (СК. 1.32) деп, окуя Кашкардын тегерегинде болуп жатканынан кабар берет. Аттанган кол элден тоногон алтын, күмүш, баалуу буюмдарды Бээжинге алып жөнөгөн кытайдын сексен балбанына кезигип, баарын кырышат. Сексен балбандын ичинен Алоокенин Жөө желдет аттуу балбаны качып кутулуп, ханына айтып барат да, Алооке кыргыздарды кыруу үчүн аскерлерин баштап келет. Ал жерде Акбалта чечендиги, айлакерлигине салып, элди өлүмдөн сактап калат. Ошондо Алооке кыргыздарды туш тарапка тозутканга буйрук берет.

Мунун бирөөнү айда Иренге,

Мунун түшүрүп жибер тереңге,

Бирөөнү айда Каңгайга -

Бирөөнү айда кара калмак Алтайга - деген соң, кытайдын Молтоканы кыргызды тозутат.

Кайран Балта Жакыпты

Кырк үйлүү кыргыз баш кылып,

Алтай көздөй айдады.

Бирөө айдалды Иренге

Бирөө түшүп кетти тереңге - (СК. 1.35) деп, сүрөттөлөт.

Ушул саптарды Сары-Кол аймагынан алып караганда элди төрт жакка чачыратканы даана көрүнөт. Иренге дегени Иран, тереңге дегени Анжиян, Нарын тарабы болуш керек. (Кошой дагы Жолойдон качып Ат-Башыны жердеп калган). Алтайга Жакып менен Акбалта, Каңгайга дегени Жакыптын туугандары. (Үсөн деген тууганы Кытайдын ичкери жагына кеткени Сагынбай Орозбаковдун вариантында айтылат). Кошойдун Сары-Кол аймагында жашаганы куру сөз болбошу үчүн жүйөөлүү негиздерге таяналы. Биринчиден, Кошой Жакыптын атасы Караканды кытайлар чаап, элин тоноп, жерин бөлүп жатканда аларга каршы аттанган. Муну Кошой Манаска жолукканда айтып берет.

Каракандын калың журт

Кара кытай, манжулар

Камчыга ченеп бөлгөндө

Жанымда бар кырк жигит,

Жетик белим курчандым,

Жер жайнаган манжуга,

Жеке кирип кол салдым - дейт да, Кырк жигиттен айрылып, өзү жалгыз араң качып кутулганын айтат.

Кыйырымдан чалдырдым,

Кыйындардын баарысын

Кытайга белек алдырдым...

...Элкин ээн жерди издеп,

Караан болоор элди издеп.

Көктөн булут тутулуп,

Чамбыл белдин нары жагы

Чоң тоого чыгып кутулуп - (СК. 1. 114) деп, качып кутулганын айтып, ашууларды ашып отуруп, Ат-Башынын Чеч-Дөбөсүнө токтоп, ошол жерди жер кылып, тентигенди жыйнап эл кылганын айтат.

Кары абаң Кошой кайгырып,

Кайран элден айрылып,

Ашып-шашып жакалап,

Кас буудандын баарысын

Кайра баштан такалап.

Будурдан тиктеп белди издеп,

Шер табалбай айла жок,

Чеч-Төбө күтүп жер кылдым,

Мен тентиген жыйып эл кылдым! (СК. 1. 115) - дейт.

Экинчиден, Ат-Башынын Чеч-Дөбөсү менен Сары-Колдун аралыгы бир топ алыс болгонуна карабай, Алтайга куулган Каракандын уулу Жакып менен Акбалта Кошойду таанып жатат. Анан Манас эр болуп эрезеге жеткенде Акбалта башкага эмес, Ат-Башыда турган Кошойго жөнөтөт. Манас Ат-Башыга келгенде Кошой өз окуясын айтып отуруп:

Кубандым бүгүн десемби!

Курдашым Жакып, Акбалта

Кургурларым эсенби - (СК. 1. 115) деп, Кошой Жакып менен Акбалта курдашы экендигин тактап отурат. Үчүнчүдөн, эң негизгиси, ошол окуянын баянында, Кошой өзү туулган жердин атын атайт.

Менин жайым сурасаң

Медияндын чөлүндө

Олуя өткөн жеринде

Баабедин деген мазардын

Так ошондо туулдум - (СК. 1.114) дейт.

Бул жерде Медиан деген жердин аты айтылып жатат. ("Манас" эпосундагы бардык жер-суу аттары камтылган "Манас энциклопедиясында Медиян деген жердин аты берилген эмес). Ал эми Сары-Колдун Мургаб жаккы өрөөнүндө Мадиан деген жер бар. (Мадиан биринчи (а) тамгасы түштүк диалектисинде айтылат. Түндүктө ал (е) болуп Медиан деп айтылган. Мисалы, Барака деген береке, шарманда деген шерменде сыяктуу). Демек, Кошой Мургабдын Мадиянында туулуп, Сары-Колдо жүргөндүгүнүн дагы бир далили ушул жердин аты десек болот. Сюжетти улай карасак, Кошойдун кеңеши менен Манас Алтайдан Таласка көчүп келгенден кийин, окуянын башынан тарта Жакып менен чогуу жүргөн Акбалта Манастан так эле Сары-Колго кетүүнү суранат. Акбалта Жакып менен Алтайга бир жерден кеткенин билебиз да. Демек, бул жерден да Манастын атасы Сары-Колдон кеткенин бышыктап жатат.

Балам Манас өзүңдөн

Бир буюм сурап турамын.

Сагынып Сары-Кол жеримди,

Көп эстейм нойгут элимди - деп, өз жерин сагынганын билдирип:

Каралуу калган Сары-Колдо,

Малым арбын, балам жок - (СК. 1.170) деп, баласы жок экендигинен дагы кабар берилет. Акбалта Сары-Колго кетиши менен "Чубактын туулуп өсүшү" деген темада Акбалта элине кан болуп, Алайга чейин ээлеп, 60 катын алса да балалуу болбой, Мекеге тентип кетем деп кайгырып жүргөн учурда салбырынга чыгат да, бала таап алганы айтылат.

Мунарык болуп бурчтанган,

Булуңгур болуп учтанган.

Чоң талаанын бетинен,

Медияндын чөлүнөн,

Акбалтанын алдынан

Ойсул-Ата куу каймал,

Акбалтанын төл малы

Каршы чыга калганы.

Каршы инген келгенде,

Өркөчүнүн өзүнөн

Бар-бар-бар ыйлап,

Баркырап бала көп ыйлап,

Кулак мурун жеп ыйлап...

...Кайыптан бала табылып,

Капа болгон Балтанын

Абийири мынтип жабылып - (СК. 1. 221) делет.

Бул жерде дагы Кошой туулдум деген Медияндын чөлүнөн Чубак табылып жатат. Акбалта Сары-Колго кетүүнү суранып, анан Медиян деген жердин аталышы дал Мургабдагы Мадиян жөнүндө сөз болуп жаткандыгын тастыктап турат. Чубак чоңойгон соң ат карап, жылкы таппаганда атасына таарынып кетет да, Сары талааны басып бир мазардын кайнар булагына барып түнөйт. Мазарда уктап жатканда, Олуя ата ойготуп, ага атайы даярдалган Көгала тулпарды берет. (Эскерте кетчү нерсе Мургабда ат түтөккөн жер. Бир гана, Мадиян деген жерде жылкы өсөт, төлдөйт. Ал жерде мазар жана кайнар булак бар). Ошондон тартып Чубак өзүн кармана албай Алайдан кол курап, Букардагы Караканды камайм деп Каныкейден качып барып Манаска кошулат. Сюжетте Акбалта Сары-Колго суранып кеткенден кийин Манас Таласта жалпы кыргызга хан болот. Ошондо Манас элин тапканы менен, туугандары чачылып, ар кайда жүргөнүнө ичи ачышып, тууганы жок дедиртпейин деп, өз туугандарын издеп жөнөшү да, ата-бабасы жердеген жер, өз туугандары башка жакта экендигин туюндуруп турат.

Алтайда жүрүп туулдум,

Эрешен тартып эр болуп.

Эр уулу менен тең болдум

Эстесем ичим чок болот

Туугандан чогуу кем болдум.

Чоңдугум тоонун теңиндей,

Туугансыз калды Манас деп,

Туулбай туна чөксүн дедирбей

Барбардигер жараткан,

Чийген экен маңдайга

Баарыбызды тараткан,

Айдалган тууган ал үчүн

Акка моюн бурбасам,

Азып кеткен журтумду

Бирин койбой жыйбасам (СК. 1.184)

Кынсыз кылыч байланып,

Тууганын издеп кайран эр

Кайра жаар булуттай

Каары бетине айланып,

Төгөрөктүн төрт бурчун

Төрт айлана кароого

Төрө Манас токтобой

Тууганын таап алууга

Жоргонун белин ашты эми. (СК. 1.185)

Ошол жүрүшү менен Манас тууганы Бакай менен Ажыбайды табат. Анда Бакай Жергент жакта таятасы Желпиништин колунда өскөнү айтылат. Бул да Манастын туугандары Сары-Кол өрөөнүндө калганын тастыктап турат. Дегеним, Жеркен Кашкар жакта. Ал эми Сагынбай Орозбаковдун варианты боюнча дагы кыргыздар Алтайга качканга чейинки окуяларда Кашкар, Опол-Тоонун аттары аталып, башаты Сары-Кол өрөөнүндө болгону жана Сары-Колдогу кыргыздар ар тарапка чачылып, тозуганы ачык эле билинет.

Орозду хандын он уулу

Опол тоо калган жерине,

Ойрон болгон бай Жакып,

Ногойдун келбей элине.

Байдын эки баласы

Басканы Кашкар талаасы,

Бай акем Жакып кантти деп,

Басылбай жүрдү санаасы.

Көз каман аты Үсөндүн,

Ал Кытайга кетип түзөлдү.

Башка өсмөк болду балаасы,

Баскан жүргөн жерлери

Манжурия талаасы

Тибеттин арка тушунда,

Тырп чыкпай калган ошондо. (СО. 1.50)

Сюжет боюнча "Манастын бала чагы" деген темада Жакып Манасты Ошпур койчусуна алпарып, ал чыдабаган соң кайра алып келе жатканда Кортук калмактын башын жара чабат. Ошондо кун берээрин эстеп зээни кейиген Жакып, жаны ачып отуруп Манаска ата-бабасы, өз жери, туугандары туурасында баяндайт.

Чоң атаң аты Ногой деп,

Каратып турду Кашкарды,

Кара-Шаарга жеткенче

Хан атаң Ногой башкарды.

Санатын алган Сары-Колду,

Ага самаган душман сап болду.

Ордо кылган Ополду,

Даң-Дуң тоонун оюна

Далай журтун которду (СО. 1.117)

- деп Кашкарды каратып, Ополду ордо кылган кыргыздын Ногой ханы атасы болгонун, жери Сары-Колду самаган душмандардын көбөйгөнүн, Эсенкандын буйругу менен жүз элүү миңдей аскер капилеттен кол салып, кыргыздарды кыргынга учуратып, туш тарапка тозутканы туурасында айтат. Жакыптын сөзүн улайлы:

Кыргынды кытай салганы,

Кыйла жан өлүп калганы.

Кытайдан кыйла жан

Балам, Багдатты көздөй барганы,

Баштатан мынтип чачылып

Бабаңдын ичте арманы

Букарабыз, бу күндө,

Башты кытай кармады.

Бай деген бир агаң бар,

Ополду жердеп калганы.

Орозду деген агаң бар,

Жайлайт деп угам Алайды.

Жакып деген өз атаң,

Жардылыктан, жоктуктан

Мен да көрдүм далайды.

Үсөн аттуу агаңды,

Үмүтүм андан үзүлдү - (СО. 1.118)

деп, кыргыздын бир тобу Багдатка, С.Каралаевдин вариантында айтылган Ирен (Иранга) кеткенин Сагынбай манасчынын варианты да тастыктап жатат. Кээде Ооганга кетти деп да айтылат. Жакыптын сөзүн улайлы:

Ногой деген бабаңдын

Иниси бар - эр Шыгай.

Шыгайдын уулу Жапакты,

Сары-Кол менен Үч-Артта

Жатат деп угам жан багып,

Жаркен жагы күн батыш

Жамыра тоодо мал багып.

Балам чачылган сенин тууганың,

Менин чамам кетип турганым. (СО. 1.119)

- деп Жакып Манаска тозуган туугандары туурасында ушул жерден билдирет. Жакыптын сөзүндө Сары-Колдун өзү жана өрөөндүн тегерегиндеги жер аттары так, даана айтылып жатат. Дагы бир белгилей кете турган нерсе, "Манас" эпосунда кезиккен уруулардын аталышы азыр Сары-Колдо жашаган кыргыз урууларына дал келет. Ал жакта азыр да аргын, жедигер, коңурат, кыпчак, найман, ногой, нойгут, каңгы, дөөлөс, кызылбаш, тейит, тагылык ж.б. уруулар бар. Сюжетте "Жакыптын агасы Байдын баяны" деген темага көз жүгүртсөк, Ногойдун балдары ар тарапка сүрүлгөндө Орозду менен Бай Кашкар жакка айдалганы баяндалат. Ороздунун он уулу ыркы жоктугунан күндө чатакташып, чырдан баштары чыкпаганы аз келгенсип, Байдын эки баласын да тынч коюшпайт. Ага чыдабаган Бай балдары Бакай менен Тайлакты ээрчитип көчүп кеткенге аргасыз болот.

Ээ болбой малына,

Эми келди Байыңыз

Кашкар менен Жеркендин

Как ортосу шаарына - деп, Бай Кашкар, Жеркенге жакындаганы айтылат да:

Атакеси Бай туруп

Бир күнү муну ойлонду.

Жеркен какыр жер экен,

Кашкарыңа карасак

Суусу булак, жери таш,

Баары душман эли кас.

Мал багуучу жери аз,

Балам Бакай ойлонуп,

Башыңды алып мындан кач...

...Сары-Колдо калды тууганың,

Зардабына чыдабай

Зарыгып келип турганым - (СО. 1.173, 174)

деп, зарлаган Бакайдын атасы Байдын баянын угуп, окуянын кайда болуп жатканын даана билебиз. Сары-Колдун өзү жана жака-белиндеги Кашкар, Жеркен жөнүндө сөз болуп жатат. Ошондой эле Сары-Кол өрөөнүндө болгондугун Бай тууганы Жакыпка жолуккан кездеги сүйлөшкөн сөзүндө да билсек болот. Анда "Ат түтөгүп жыгылат, Аркан бою желгенде" деген сап кездешет. Сары-Колдо ат түтөгөт. Менин билишимче Сары-Колдон башка жерде ат түтөкпөйт. Ал жер дүйнөнүн чокусу аталып, деңиз деңгээлинен бир топ жогору болгондуктан, алысты мисал кылбайын, жанында турган Алайдан барган аттарды бир жыл карап, жерлентмейин түтөктүрүп өлтүрүп аласың.

Манасчылардын экөөсүнүн тең айтымында Манастын ата-бабалары, тууган-туушкандары жөнүндө сөз болгондо Сары-Кол өрөөнү айтылганын көрдүк. Буга көз жүгүртүп, Манас кайдан келгендигин, баатырдын ата-бабасы кайсы жерди жердегендиги туурасындагы жыйынтыкты өзүңүз чыгарыңыз? Илимде тактык, факты гана негизги ролду ойноору белгилүү. Асмандан алып жазган жокпуз. Баарын географиялык аталыштар менен кынадык. Бул жер аттары мурдатан толук билинбей жатышынын бир себебин изилдөөчүлөр Сары-Колго барбаганынан, ал жакты билбегенидигинен улам деген бүтүм чыгарсак болот. Анткени, Манас энциклопедиясына кээ бир жер аттарын киргизилген эмес. Мисалы, Медиан, Шыйкуу дегендерди таба албадык. Бул жогоруда айткандай, Сары-Кол өрөөнү изилденбей жаткандыгын айтып турат.

 

Бул изилдөөнүн жыйынтыгында миңдеген жылдар мурун Манас, Бакай, Чубак менен кошо келген Сары-Кол кыргыздары Таласта жашап калганбы деген ой келип чыгышы мүмкүн. Ооба, ошондой болгон деген ойду мен же Таластын бир жөнөкөй жашоочусу айтып баарын ишендире албасыбыз бышык. Ошондуктан, кыргыз журтуна аттын кашкасындай таанылган адамдын сөзүн мисалга тартсак жетиштүү болоор. Эки жыл мурун Ооганстанда жашаган памирлик кыргыздарга жардам берүү иретинде министр Айгүл Рыскулованын жетекчилиги менен окумуштуулар чөйрөсүн курамына камтыган делегация Сары-Кол өрөөнүндө болуп кайткан.

 

Алардын катарында Мамлекеттик тил комиссиясынын мурунку төрагасы, таластык агайыбыз Ташбоо Жумагулов да бар болчу. Беш күндүн ичинде, аралыгы алыс турган таластык менен мургабтыктардын сүйлөгөнү окшош экендигине таң берген Ташбоо агай, 2008-жылдын 18-сентябрында "Жаңырык Апта" гезитине төмөндөгүдөй маек курган. "Мургабдын жети айыл өкмөтүндө 14 орто мектеп бар экен. Баары кыргыз мектептери. Эли таптаза кыргызча сүйлөшөт. Мен Талас говору менен Мургаб кыргыздарынын сүйлөгөнү дал келгенин көрүп таң калып келдим. Ушунчалык окшош экен. Ал турсун тамактын аталыштары да таластыктар менен памирлик кыргыздардын атоосу дал келгенине айран калдым. Бир эле мисал келтирейин: Таласта "чабаты" дейт, Мургабда дагы "чабаты" дейт экен. А Кыргызстандын башка аймактарында "жупка" дейт. Ошондой эле Кыргызстандын бардык аймагында аксакал адам өзүнүн устуканын бирөөгө берсе "рахмат" дейт, бир гана Таласта "кулдук" дейт. Мургабда дагы "кулдук" дейт экен. Аз гана убакытта ушуга окшогон он бир сөздү таптым. Демек, бул ортодо жүздөгөн же миңдеген жылдар мурун бир байланыш болгон да анан үзүлгөн. Бирок, сөз аталыштары ошол боюнча сакталып калган". Бул сөз бүгүнкү күндүн далили. Муну мен эмес, Таластын аттуу-баштуу адамы Ташбоо Жумагулов агайыбыз айтып отурат. Дегеним, бул чакан изилдөө далай чоң окуялардын башын ачып, кыргыздын кайдан келгендигин аныктап берээринде шегим жок.

 

Зулпукаар Сапанов, КУУнун аспиранты

 

Манас энциклопедиясындагы жер аталыштары

 

Медиян (Мадиян) - деген жердин аты энцияклопедияда белгиленген эмес. Андай жер аталышын таба алышкан эмес окшойт. (автор - ЗС)

 

Мургаб (ир. мург - куш, ап - суу деген мааниде) - топоним. Кыргыздар жашаган жерлердин бири. Манас баатыр өзү катылган Шоорук канды жеңип, анын кызы Акылайды тартууга алганда: "Мургапты көздөй бет алып, Каны Шоорук салыптыр" (СО. 2.215) - деп айтылат. Географиялык реалия катары Мургаб Тажикстандын Памир тоосундагы жердин аты.

 

Тактоо: Мургаб Тажикстандагы кыргыздар жашаган райондун борбору. Мургап деген Нуркаб деген кыргыз сөзүнүн айтылышы. Памирди (крыша мира) дүйнөнүн чамгарагы дейт. Деңиз деңгээлинен өтө бийик болгондуктан күн катуу тиет. Ошондуктан Нурдун кабы Нуркап. Аны Мургаптын жака белиндеги жер-суунун кыргызча аталышы дагы далилдей алат. (автор - ЗС)

 

Ирен - топоним. Эпосто ааламдын түбү катары сүрөттөлүп, Алоокенин буйругу боюнча Каракандын балдарынын бири айдалып барган жер. (СК. 1.35) Ирен - Иран болуш керек (автор - ЗС)

 

Жеркен (Жеркент) - топоним. Эпосто кыргыздар эзелтен ээлик кылып келген өрөөн, шаар.

Ээ боло албай малына,

Эми келди Байыңыз

Кашкар менен Жеркендин

Как ортосу шаарына (СО. 1.173) - деп Жакыптын агасы Байдын Кашкар менен Жеркенди ортолоп келгени айтылат. Географиялык реалияда - Яркенд - Синьзяндагы шаар жана суу.

 

Опол, Опол-Тоо - топоним. Эпосто адегенде Манастын бабасы Ногойдун ордосу турган, андан кийин Ороздунун он уулу мекендеген жер катары сүрөттөлөт. Чоң атаң аты Ногой деп,

Каратып турду Кашкарды,

Кара-Шааргы жеткенче

Кан атаң Ногой башкарды.

Санатын алган Сары-Колду,

Ага самаган душман сап болду.

Ордо кылган Ополду,

Даң-Дүң тоонун оюна

Далай журтун которду (СО. 1.117)

Орозду кандын он уулу

Опол-Тоо калган жерине,

Ойрон калган бай Жакып,

Ногойдун келбей жерине (СО. 1.50)

Опол-Тоо деп илгеркилер Сары-Кол менен Жеркендин ортосундагы эң бийик тоо кыркаларын атаган болуу керек. Анын азыркы наамы - Музтагата.

 

Тактоо: Ооба Сары-Кол тоо кыркасындагы эң бийик тоо Опол-Тоо. Ал Мургабтын райборборунан дагы көрүнүп турат. Азыркылар Музтаг-Ата (Музтоо-Ата) десе, кытайдагы кыргыздардын айрымдары Ак-Тоо, Сары-Колдогу улгайган кишилер Опол-Тоо деп эле айтышат. (автор - ЗС)

 

Сары-Кол - топоним. Манас төрөлгөндөгү тойго Сары-Колдогу кыпчактар чакырылат. Сары-Колду Манастын чоң атасы Ногой, кийин Шыгайдын уулу Жапак да жайлаган. Көкөтөйдү койгондо Сары-Колду ашып жедигер уруусунун мыктысы Багыш да эки жарым миң кол менен келет. (СО. 3.53) СКВ боюнча Нойгут эли жайлаган жер деп сүрөттөлөт. Кыргыздар Манасты кан көтөрүп, Алтайдан Таласка көчкөндө Акбалта:

Ардактуу Сары-Кол жерим бар,

Абийирдүү нойгут элим бар,

Биздин нойгут эл-журтта,

Кара эгинден күрүч көп,

Калайынан күмүш көп.

Боз коёндон түлкү көп,

Босого жыйган мүлкү көп (СК. 1.170, 174), - деп өз элине кетүүнү суранат.

 

Географиялык реалияда Тажикстан менен Кытайдын (Сары-Кол менен Опол (Музтаг-Ата) тоолорунун) ортосундагы кеңири өрөөн - деп Манас энциклопедиясында берилген.

комментарии

Байыш Абдыразаков

Суббота, 04 Декабря 2021 07:53

Чон рахмат, Манастын ата-бабасы турган жер Сары-Кол экени экени тууралуу жакшы маалымат алдым.

Байыш Абдыразаков

Суббота, 04 Декабря 2021 07:50

Чон рахмат , коп маалымат алдым. Манас эпосундагы жер аттырын чечмелеп бергениниздерге. Манастын ата-бабасынын жери Сары-Кол экенине ынандым.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены