Этникалык кыргыздар

Памирдик кыргыздар Ванга келишкенде ( Маек )

Памирдик кыргыздар Ванга келишкенде ( Маек )

Бүгүнкү күндө Түркияны жердеген кыргыздар Ван кыргыздары деп аталып келет. Алар түрк жерине Тажикстандын Мургап районунан орус баскынчыларынан качып, Ооганстанга, андан Пакистанга өтүп, Рахманкул хандын башчылыгы астында 1982-жылы Истамбулга ооп барган. Түрк Өкмөтү аларга Ван облусунан атайын жер бөлүп берип, жашоо шарттарын түзүп, оңоп, Улуу Памир айылын тургузуп беришкен. Андагы кыргыздардын саны 5000ге жетет. Ван кыргыздары турган аймак тоолуу район.…

Жылкыга арналган элдик фестивал өтөт

Жылкыга арналган элдик фестивал өтөт

Тоо-ташка, ысык-суукка чыдамдуу кыргыз жылкысын сактап калууда француз адистеринин салым зор. Алардын демилгеси менен улуттук музыка семинары өтөт. 15-декабрда Бишкектеги "Ысык-Көл” мейманканасында кыргыз жылкысынын, ат оюндарына байланыштуу улуттук музыканы кайра калыбына келтирүүгө, жайылтууга арналган маданий иш-чара өтөт. Семинарда Кыргызстандын 7 облусунан жана Тажикстандын Мургаб районунан тандалып алынган 25 элдик өнөрпоз, акын өнөрүн көрсөтүп, малчылыкка байланыштуу чыгармаларын аткарып, пикир алмашат. "Кыргыз…

Мургабдык кыргыздарды муунткандарга бөгөт коюлабы?

Мургабдык кыргыздарды муунткандарга бөгөт коюлабы?

Орустардын геосаясий кызыкчылыгынын негизинде тарыхый Ата-Мекенинде туруп Тажик өлкөсүндө калып кеткен кыргыздар бар. Алар учурда Тажикстандын Мургаб жана Жерге-Тал райондорунда күн кечирип жатышканы баарыбызга маалым. Этникалык кыргыздар аталып, бөтөн өлкөдө тиричилигин өткөргөн кандаштарыбызга кыргыз мамлекети тарабынан жасалган катаал мамиле революция болгонуна карабай өзгөрүүсүз калды. Тескерисинче, Кыргызстан менен болгон келип-кетүү байланышында боордошторго жасалган ээн баштык "зөөкүрчүлүккө" чейин жетүүдө. Айласы алты…

Өтүнүч кат

Өтүнүч кат

Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти,Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Отунбаева Роза ИсаковнагаЧүй облусунда жашаган этникалык кыргыздардан Өтүнүч кат Урматтуу Роза Исаковна, ушундай кыйын кырдаал мезгилде Сиздин өлкө башкарууга бел байлаганыңыз бизди көптөн үмүттөндүрөт. Сиз депутат болуп турганыңызда да тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздардын таламын талашып жүргөнүңүз бизге маалым. Өзүңүзгө белгилүү, мурдагы Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик Комитетинин…

Памир кыргыздары тукум курут болуп кетиши мүмкүн

Памир кыргыздары тукум курут болуп кетиши мүмкүн

Реми Дор Париждеги Франция коллежинде түрк таануудан, анын ичинде кыргыз тили жана грамматикасынан сабак берет. 65ке таяп калган профессор өмүрүнүн көбүн памирлик кыргыздарды изилдөөгө арнап, англис, немис, кыргыз тилдеринде ондогон китеп, макалаларды жарыялады. Ал "Азаттыккка" азыр Ооганстанда кала берип жаткан памирлик кыргыздардын саны аз, турмушу оор, жардам жок экендигин билдирди. Реми Дор СССРдин чек арасы түшкөндөн тартып, тарыхый мекенинен…

Этникалык кыргыздар «Ата Мекенде»

Этникалык кыргыздар «Ата Мекенде»

Зулпукаар Сапанов, «Ата Мекен» социалистик партиясынан депутатыкка талапкер: - Зулпукаар мырза, Жогорку Кеўештин депутаттыгына ат салышууўузга эмне себеп берди? - Мени Кыргызстандын сыртында калган жана кыргыз эли эгемендїїлїк алгандан бери журт которуп, учурда єлкєбїздїн ичинде жашап жаткан этникалык кыргыздардын кєйгєйї саясат менен алпурушканга тїрткї берди. Єткєн эки бийликтин тушунда кєчїп келген кыргыздардын жарандык маселеси толук чечилген жок. Поспорттун жоктугунан…

Страница 122 из 126