Кыргыз деген эл жашайт кыргыз деген…

Кыргыз деген эл жашайт кыргыз деген…

Кыргызстан дегенде эки көзү төрт болгон памирлик кыргыздар

Ушул жылдын жай айларында өз демилгелери менен Ооганстандагы кичи Памир кыргыздарынын турмушу менен таанышуу үчүн Кыргызстандан тогуз кишиден турган топ атайын барып келгендигин өткөн саныбызда "Памирлик кыргыздар" аттуу макалабызда жарыя кылган элек. Окурмандардын өтүнүчү менен кабарчыбыз ал топтун башчысы Иса Өмүракуновго бир нече суроолор менен кайрылды.

 - Иса мырза, сиздер кесибиңирге байланыштуу болбосо да, өз демилгеңер менен, өзүңөрдүн каражатыңарга кичи Памирге барып, анда жашаган кыргыздардын турмушу менен таанышып келдипсиздер...

- Топтун ичинен көбүбүздүн эле жумушубуз жок, бошпуз. Өзүбүздүн болгон каражатыбызды жумшап жана тууган, тааныш- достордон чогултуп олтуруп, кичи Памирге барып келдик. Андагы кыргыздардын оор жашоосу тууралуу угуп эле жүрчүбүз. Ошону өз көзүбүз менен көрөлү, алардын муктаждыктарын угалы деген максатта барып келдик.

 

- Алардын улуттук кийимдери ушул сүрөттөгүдөй бекен?

- Ооба, вахандыктардын кийимин алар кыргыздын улуттук кийим деп кийишет экен. Ак жоолук салынган кыздар турмушка чыгышкан болот экен, кызыл жоолук салынгандары турмушка чыга электер. Биз Осмон ажыныкына түшкөндө, андагы кыргыздарды тааныштырганда, Патиман ажыны "менин болочок кудам" деп тааныштырды.

 

- Калың бересизби?- деп сурасак:

- Калың берем. 9 топоз, 25 кой, 1 төө,- деди. Биз ошол калың берүү аземинин үстүнөн чыгыптырбыз. Калыңга кетчү эки чоң топоздун жалына ак жоолук байлап коюптур. Кыргыздар да жылкынын жалына кебез байлап берип калышат го. Көбү бири- бири менен кайчы куда болуп калышат экен. Кайчы куда болсо, калың беришпейт.

 

- Андагы кыргыздар башкалар, мисалы вахандыктар же афган, тажиктер менен неге куда болушпайт?

Kugiz degen el-1-- А жактагы кыргыздардын мага жаккан жери- алар абдан намыскөй экендиги. Кыргыз деген тектүү, улуу эл болушат деп, намысын бек кармаганы болду. Вахандыктардан деле кыз албайсыңарбы?" десек: "Вахан эли бизге тең болуп калыптырбы?" дешти. Дагы бир нерсеге биз күбө болуп, таң калдык. Бизди жеткирип барган вахандыктар боз үйдүн босогосунда, биз төрдө олтурдук. Жатаарга келгенде аларды эшикке чыгарып жиберишти. Чогуу келген, бизге жардам бергендерди сыртка чыгарып жиберишкенде, биз аябай уялып, бирөөнү араң алып калдык. Ошондо да ал улагада жатты. Калгандары боз үйдүн тегерегинде, сыртта жатышты. Ал вахандыктардын бирөө анча- мынча кыргызча сүйлөйт, ата-теги кыргыз. Алайлык казылардын тукумунан болот экен. Апасы вахандык болгонунан кыргыздар кошпой койсо керек деп түшүндүк. Башка улуттан аял алгандарды кошпой коюшат го. "Неге мындай?" десек, Патиман аксакал "Кыргыздар тектүү эл. Кыздарын пакистандыктарга, вахандыктарга, тажиктерге же афганга бербейт" деди. Түркияга кеткен кыргыздар да түрктөшүп баратат дешип, алар менен да сейрек кудалашат. Кыргыздар түпкүлүгү зээндүү келет деп жүрөбүз го. Булардын зээндүүлүгүн ушундан билиңиз, кат-сабаты жок эле, фарси тилин үйрөнүп алышыптыр. Кыргыз тилин да унуткан эмес. Биз билбеген архаизм сөздөрдү билишет.

 

- Кыздарын неге эрте эле күйөөгө беришет?

- 15-16 жашында эле күйөөгө берип коюшат. Бул тууралуу биз Осмон ажы, Патиман ажы, Жаанбай аке менен сүйлөшүп айттык. 17-19 жашынан берсеңер, энелердн денң соолугу жакшы болот эле,- дедик. Аялдар төрөттөн көп каза болот экен.

 

- Ал жактагы кыргыздардын баарынын кат- сабаты жок да?

- Окуу жок ал жакта, кат- сабаты жоюлбаган. Анча- мынча сыртка чыккандардын паспорту болбосо, эч кимисинин документтери жок. Бирок алар Ооганстанга караштуу болуп, шайлоолорго катышат экен. Мисалы жакында Ооганстанда президентти шайлоого булар да добуш беришет.

 

- Алардын жашоосун Ооганстан карабайт бекен?

- Алар кыргыздар да. Кыргызстан жардам беришибиз керек. Мурда буларды Кыргызстанга көчүрүп келүү маселеси козголуп, Алай тараптан жер бериле турган болгон. Бирок ал маселе аягына чыкпай калыптыр. Ооганстандын президенти Хамид Карзайдын буларга көзү дурус дешет. Кытайдын күндөн энергия алган булактарын колдонот. Телевизор, дивидиси бар. Бирок берүүсүнүн баары фарсиче. Биз кыргызча кассеталарды алып барбаптырбыз, эмикиде алып келебиз дедик. Арабызда комуз черткендер, ырдагандар бар эле. Аларды жыргап угушту. Өздөрү ырдай албай калышыптыр. Анча- мынча комуз билгендери бар экен. Тажиктер кол салып, анча- мынча малдарын уурдап кетип жатыптыр. Колдорунда куралы жок, булар эчтеке кыла албай жатышат.

 

- Кантип дарыланышат?

- Дарыланбай эле жүрө беришет. Кээси апийим чегип, айыгып алышат. Айрымдары апийимге берилип да алыптыр. Кулдары бар вахандыктардан, малын кайтарат, кара жумушун кылат. Күн жылууда булар соодасын төрт күн ары, төрт күн бери жүрүп, Пакистандан жасап келишет. Кыздары жалтырак-жултурак, сөйкө, шакектерди жакшы көрүшөт экен. Чачтарына эмне колуна илинсе, ошону байлаштырып алышат. Эски уламыштарга ишенип алышкан. Мисалы Соң-Көлдөгүдөй көлү бар, андан балык кармап деле жешпейт. Бирок биз консерва ачып берсек, баш тартышпады . Чоң балыктарды "ляң" балык, кишини сорот деп жебейт экен. Балдарынын тырмактарын үч жашка чыкканча албайт экен.

 

- Балдары жапайыдай болуп, силерден чочуркадыбы?

- Андай деле чочуркаган жок. Туристтер көп келип, көнүп калышкан окшойт. Бир кичинекей сары бала биз менен жатып, аралашып, кеткиче жаныбыздан чыккан жок. Кыздары чачын тарабай, бетин жуубай жүрүшөт. Арабыздагы кыздар аларды жуундуруп, чачын тарап, кремден беришти эле, эртеси ал кыздар жуунуп, крем сүйкөнүп калышыптыр. "Иймектен ала келгилечи" дешет. Эгер алар менен дайыма байланышып, үйрөтүп турса, алар ошону жасашмак. Дээринде зээндүү экендиги көрүнүп турат.

 

- Тамактары эт, сүт эле бекен?

- Эт, сүт эле. Боорсогун да топоздун майына жасашат. Жашылча- жемиш көрбөйт.

 

- Аларга барчу жол кайсы?

- Тажикстандан Мургаб жагынан жол бар экен, Айгүл Рыскулова баштаган делегация барды го. Суу чоң болуп алар өтө албай, жээктен жүктөрүн ыргытышкан экен. Союз учурунда ооган жоокерлери турган база бар. Ошондо жол салынганын биз билбей, Хорог шаарынан виза алып, Хорог аркылуу бардык. Жардам алып бара турган болсо, ошол кыска жол менен барса болчудай. Көбү "Кыргызстанга кетебиз" деп эңсеп жүргөнүн уктук. Жаанбай аксакалдын көзүнө жаш келип, Кыргызстанда беш күн жашап өлсөм да арманым жок эле" деп айтты. Ал жакта бара албай калган үй-бүлөлөрүбүз да болду. Алардын ханы токтотуп алып, "бизге да келе кеткиле" деп атты.

Биздин алардын баарына барып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болгон жок. "Таарынбагыла, дагы келербиз" деп кайтып келдик. Бизди унутпагыла деп зээнди кейитти. 4200-4300 метр бийикте ушундай боордошторубуз бар. Осмон ажынын 46 жаштагы байбичеси 80 деги кемпирдей болуп калыптыр. Силерде жашоо жакшы, силер "семиз" экенсиңер дешет. ("Толук" деген сөздү билишпейт окшойт). Осмон ажы Кыргызстанга келип кеткен экен. Алар ууру кылбаган, улуусун сыйлаган, илгерки кыргыздардын салты менен жашаган таза кыргыздар экенине ынындык. Биз да аларды унутпай, колдон келген жардамыбызды аябайлы деген сезим менен кайтып келдик.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены