Мезгилди карыткан мекендештер

Мезгилди карыткан мекендештер

Улуу Британия, Кытай империясы жана Орус империясы 1896-жылы Сары-Кол Памир территориясын Зор-Көл көлүнөн, Ак-Суу суусунун башына чейин Ооганистан, Ак-Суу, Токтомуш Маркан-Судан Эркештамга чейин, ар жагы Кытай империясына, калган Памир азыркы Мургаб району Орусия империясына бөлүнгөн. Ошентип кыргыз эли аргасыз үчкө бөлүнүп калышкан. Бүгүнкү күндө ошол Ооганстанга бөлүнгөн Чоң жана Кичи Памир же болбосо, Ооган кыргыздары 3500 эли бар.

 

Кыргыз мамлекети тарабынан бөлүнгөн гуманитардык жардам жай айында Кыргыз миграция жана жумуштуулук менен камсыз кылуу комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова жетектеген экспедиция Оогандын Кичи Памиринде болуп, ошол жердин жергиликтүү ханы Абдурашит-хан менен жолугушуп кайтышкан. Кийинки экспедицияны Чоң Памирге Кыргыз Республикасынын Миграциялык фондунун директору Салтанат Бараканова жетектеген топ барып, Ишкашим району Вахан колидору аркылуу кыргыздардын Кошулуш айыл кыштоосунда Кудайбергендин (Кудус бай) үйүндө болуп, гуманитардык жардам жеткирип кайттык.

 

Кылымдар бою Ооган жеринде жашаган кыргыз эли бизди чоң кубаныч менен тосуп, көздөрүнө жаш алып атышты. Їмүт менен караган оттой жанган аяо көз караштарын, климаты өтө оор жашоо шартын көрүп кабыргабыз кайышып, ичибизден туталанып турдук. Аттиң, XXI кылым илимий-техника өнүгүп чөнтөк телефон, компьютер, космоско элдер сейилге учуп атса, биздин боордоштор боз үйдүн ичинде, ачык от, коломто, буттарына чаарык чокой кийишип, ат, төөнү улоо кылып келишкенине ички дүйнөм уйгу-туйгу болуп кетти. Бир жагынан ушул чоң доордо ата салтын тутуп, тилин, канын өзгөртпөй, боз үйдө жашап ат, төө мингендерин көрүп кубанып, кайра эле сабатсыздык, атуул паспорттору жок оор шартта орто жашы 50-60ка чейин жашап, кыйын ачарчылык XIX кылымдын жашоосун кечиргендерине каңырык түтөп кейип турдум. Кана, мамлекеттик жардам болуп, ушуларга курама (финдом) үйлөрдү, мектеп, оорукана куруп, авто унаа жолдорун салып берсек деп кыялдандым.

 

Ala Too bir kor-2-Чынында эле эгер биз азыр ушул оогандык мекендештердин тагдырын ойлобосок Єзбекстандагы кыргыздар сыяктуу бөтөн улутка сиңип кетиши талашсыз. Оогандык 20 жаштагы Батыр-хан деген жигиттин айтуусунда, кышында Чоң Памир менен Кичи Памирде жол жабылып каттоо токтойт экен. Аштыкка Чоң Памирден Файзабат, Кабулга барышса, Кичи Памирдин эли Пакистандан соодасатык жасашат дейт. Мал чарбалык, кой, ат, төө, топоз багышат. Кыштоого көчкөндө негизги улоосу төө, өгүз (бычылган бука топоздорго) ыңырчак токуп минишет. Кыз-келиндердин кийимдери кызыл түстө басымдуу болот. Келин бир бала төрөгөнгө чейин кызыл жоолук, андан соң ак жоолук салынышат экен. Ислам динин тутуп, баары беш убак намаз окуганын айтышты. Бирок хиджаб, бетине чүмбөт кийген кыз-келинди көргөн жокмун. Кудум биздин эле шарттагыдай аял-эркектер чогуу эле бир дасторконго отуруп, тамак ичтик. Аялзаты аздык кылып, эркектердин көпчүлүгү үи-бүлө күтпөй, махабаттын даамын татбай көз жумса, экиден аялы бар адамдар да кездешти. Агасы каза болгондо жеңесин экинчи аялдыкка алгандар да бар экен "Жол азабы-көр азабы" дегендей кыйынчылык көп болду. Бирок оогандык боордошторго жолукканда баары унутулду.

 

Биз коштошуп кайтып атканда калың топ эл жыйылып, кыргыз элинин ажосу Бакиев Курманбек Салиевичке, Кыргыз Республикасынын миграция жана жумуштуулук менен камсыз кылуу комитетинин төрайымы Айгүл Рыскуловага, ошондой эле Салтанат Бараканова жетектеген топко жана бизге алакан жайып, узун тилек айтып, бизди унутпагыла туугандар, о-оомин деп бата беришти.

 

P.S. Эгер тоолор сүйлөсө кандай гана кептер болмок Улуу Памир тарыхынан. Убагында "Алтын-Ордо" татар- монгол ханы Токтомуш хан Памирде баш калкалап,Токтомуш деп жерге атын калтырса, М.Бабур Индияга бара жатып эки жыл туруп Бахбур-Ата деп жерге атын калтырган. Єткөн кылымда Алай ханышасы Курманжан датка энебиздин уулу Абдылдабек Памирге барып жараатынан айыкпай көз жумуп, акыркы осуяты болуп "жүрөгүмдү ак кийизге ороп Алайга алып барып көмгүлө, сөөгүм калсын" деп көмүлүп, тургузулган күмбөзүнө барып, бата кылып кайттык. Дагы кандай ачылбаган сыр сандык жатат Улуу Памирде?

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены