«Боор тартып келип бул жакка, бейдарек калдык арабөк»

«Боор тартып келип бул жакка, бейдарек калдык арабөк»

Болот деп бизге чоң жөлөк,
Боор тартып келсек бул жакка.
Бир боор деп эч ким тартпады,
Бейдарек калдык арабөк

 

- бул ыр саптары Тажик- стан Республикасынын Мургаб районунан көчүп келген Гүлбайра Жоробекованын жүрөгүнөн чыккан. Ал тарыхый мекенине ылым санап кайтып келген өзү сыяктуу мекендештеринин бир боор элинде жат болуп, турмуштун оор соккусуна кабылган тагдырларын ырга айландырган. Бакыт табабыз деп бейдарек калган мекендештерибиз менен баарлашып, алардын чыныгы жашоосуна күбө болгондон кийин жогорудагы ыр тегин жерден чыкпаганына ынандык.

 

Ош облусунун аймагында күн кечирип жаткан этникалык кыргыздардын көчүп келгендеринин алдына 15 жыл болсо, артына эки жылдын жүзү болуптур. Ушул күнгө чейин алар жергиликтүү каттоого турбагандыктан жарандарга көрсөтүлүүчү социалдык бардык тең укуктуулуктан оолак калышкан. Жарандыгын тастыктаган документтери жок болгондуктан, булардын жумушка орношууга, балдарын мектепке окутууга, ооруканага жатууга а түгүл бул жакта төрөлгөн наристелерине да күбөлүк алууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Ош облустук миграция жана жумуштуулук комитетинин бөлүм башчысы Акжол Абдукеримовдун берген маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Ош облусунун аймагында 161 кожолукта 651 этникалык кыргыз бар. Алардын арасынан Араван районунда 20 үй-бүлө (85 адам), Кара-Суу районунда 99 үй-бүлө (406 адам), Ноокат районунда 17 үй-бүлө (48 адам), Өзгөн районунда 7 үй-бүлө (25 адам), Чоң-Алай районунда 18 үй-бүлө (87 адам) жашашат. Булар негизинен Тажикстан, Өзбекстан жана Түркия мамлекетинин атуулдары болуп саналат. Көчүп келген кыргыздардын дээрлик бардыгынын даректүү жашаган жери, туруктуу иштеген иши жок болгондуктан батирде күн кечирип келүүдө. Алар кыргыз жергесинде жашап бирок, жашагандыгы тууралуу бир дагы документи ал тургай каттоодо жок экендиги эң башкы көйгөй болуп жаткандыгын айтышат.

 

Жер төлөдө өткөн күн

Жоробекова Гүлбайранын көчүп келгенине эки жылга аяк басыптыр. Ал ушул күнгө чейин каттоого туруу үчүн тиешелүү жетекчилердин каалгасын каккылап келгенин, бирок эч кандай жыйынтык чыкпаганын саймедиреп «Эки жыл бою каттап таманым тешилди. Миграция комитетине барсаң паспорт столго, паспорт стол болсо дагы башка жерди шылтоолошот. Айтор, булардын талап кылганы да акча. Акчабыз болгондо бирөөнүн жер төлөсүндө жашап, карандай чай менен нанды жемек эмеспиз», - деди шаабайы сууган таризде. Бул үй-бүлөнүн кожоюну Айдаров Жумамат экинчи категориядагы майып болгондуктан эмгекке жарамсыз. Ошол себептүү Тажикстандан каттоодон чыккан эмес. Анткени, бул үй-бүлө мүчөлөрү анын миң сом өлчөмүндөгү пенсиясы менен жашашат. «Биздин бул жакка көчүп келүүбүздүн себеби да менин ден соолугума байланыштуу болду. Өзүм жүрөк оорулуу болгондуктан дарыгерлер бул жактын абасы жагарын айтышты. Биздин абалыбызды сураган бир да жан жок. Жок дегенде паспорт берип каттоого койсо да, өз турмушубузду өзүбүз жөндөп кетет элек. Документибиз жок болгондуктан иш берүүчүлөр да кайсы күнү качып кетет деп жумушка алышпайт»,-деди. Эрезеге жеткен уулу, бой жеткен эки кызы да паспорт алуу убактысынан эчак эле өтүп кеткенине тынчсызданган Гүлбайра айым «Биз дагы балдарыбызды жогорку окуу жайына окутууну максат кылчубуз. Биз окубаган окууну окусун, биз көрбөгөн күндү көрсүн дечү элек. Жогорку окуу жай тургай балдарыбызды орто мектепке да алышпайт. Үчүнчү кызымдын жашы сегизде. Бирок, мектепке барбай калды»,-деп кошумчалады.

 

Мына ушундай күндү кечирип жаткан Саадат Кудайбердиеванын келгенине да бир жылга чукулдап калыптыр. Өзү оорулуу болгондуктан Тажикстандагы пенсиясынан кол жууп калбаш үчүн каттоодон чыккан эмес. Жалгыз кызын жергиликтүү мектептер окууга кабыл албагандыктан, мечитте диний билим алуу үчүн окутууга аргасыз болгон. «Бул жерде узак жылдан бери жашап жаткан туугандарыбыз да каттоого тура албай убайым тартышууда. Мен дагы ал жактан биротоло чыгып келсем, бул жакка каттоого туруу оңой эмес экенине көзүм жеткен соң орто жолдо калбайын деп чыккан жокмун. Туруктуу ишибиз болбогондон кийин жок дегенде ошол жактын пенсиясы менен жашап турабыз да»,-деген оюн билдирди. Кара-Суу районунун Мады айылдык округуна караштуу Ачы айылында жашап жаткан Эминова Чынара менен Аскаров Кеңеш да өз турмушубузду жакшыртабыз деп келгенине бир жыл болгон. «Каттоого туруу үчүн кайрылсак эле акча сурашат. Биздин акча берүүгө чамабыз жетпейт. Ал тургай күнүмдүк жашообузга араң акча табабыз. Жолдошум айылдагы кыш заводдо иштейт. Эмгек маянасы 1200 сом. Анысы батир акысы менен эле электр жарыгына кетет. Мектеп жашына жеткен кызыбызды да окууга албагандыктан мектеп жашынан өтүп кетти. Бул жакта төрөлгөн уулубузга да күбөлүк ала албадык»,-деп билдирди.

 

«Тажиктер деп жеришет»

Каттоого туруу азабынан да кошуналарынын «тажиктер» деп келекелегени жанына баткан Карыбекова Касиет «Турмуш азабынан бир боорбуз, тилибиз, дилибиз бир деп келсек оң далысын салган мекендештерибизди көрбөдүк. Силер тажиксиңер деп жеришет. Ал турсун Тажикстандын атуулу деп жумушка да алышпайт. Милиция кызматкерлери да жөнсүз текшерип, какпай каныбызды, сокпой жаныбызды алып турат»,-деп зарлады. Бир курдай милиция кызматкерлеринин тузагына түшүп калган Жеңиш Аматов «Өзүңдү тастыктаган документиң жок дешип камап коюшту. Анан өзүмдүн жагдайымды билдирген соң, бир күндөн кийин ала турган үлүшүн алып коё беришти»,-дейт. Буга байланыштуу Ош облустук миграция жана жумуштуулук комитетинин бөлүм башчысы Акжол Абдукеримовго кайрылганыбызда этникалык кыргыздарга жардам берүү үчүн өлкөдө «Кайрылман» аттуу мамлекеттик программа иштээрин, Ош облусундагы ар бир райондун көчүп келген канча үй-бүлөнү кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар экендиги тууралуу анализ жүргүзүп чыкканын айтып, «Көчүп келгендерге жер, айылдардагы адам жашабаган имараттарды берүү жагдайларын карап чыктык. Биздин мүмкүнчүлүгүбүз 137 үй-бүлөнү кабыл алууга жетет. Райондор боюнча карап көрсөк, Алай районунда 10, Араванда 4, Кара-Сууда 30, Кара-Кулжада 16, Ноокатта 38, Өзгөндө 29, Чоң-Алайда 10 үй-бүлөнү кабыл алганга жетерин аныктаганбыз. Ошондо жалпы облус боюнча этникалык кыргыздарга турак-жай куруу үчүн 6.5 гектар, ал эми үлүш жер үчүн 10 гектар жер берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жетет» - деп билдирди. Ошондой эле ал Алай районунун Сары-Могол айылын байырлап калган кыргыздардын бардыгы Кыргызстандын жарандыгын алышкандыгын бетине тутуп, жаңыдан көчүп келип бирок каттоого турбагандар менен иш алып баруу бир топ кыйын экендигин, каттоого туруу ар бир адамдын өзүнүн иши»,-деп кошумчалады.

 

«Булар негизинен эл көп жашаган Ош шаарына, Кара-Суу районуна айтор, социалдык маселе курч аймактарга көчүп келүүдө. Ал эми Чоң-Алай, Кара-Кулжа өңдүү өрөөндөргө көчүп бара турган болсо, аларга жардам берүү да бир топ жеңил болмок. Анткени, бул аймактарда башка жерлерге салыштырмалуу жер аянты кенен. Мисалы, Түркиядан көчүп келген 18 кожолук Чоң-Алай районуна барышты эле, аларга жергиликтүү эл ижарага жер бөлүп беришти. Андан сырткары ошол жерде жашаган атуулдар жардам иретинде мал чогултуп, туугандары, коңшуларынын жардамы аркасында үй тургузуп алышты. Ал эми алар шаарга көчүп келишсе, шаарда алар эмес өзүбүзгө жер жетпей жатпайбы. Биздин аларды кайсы аймакка жайгаштыруу саясатыбыз да кайсы жерде эл азайып баратса, ошол жакка көчүрүүгө багытталган»,-деди.

 

Сен тургай мага жер жокто

Жогорудагы ойго кошулган Ош шаарынын жашоочусу Руслан Айтиевдин пикиринде азыркы кыргыз бийлигинин жергиликтүү атуулдарга да жер берүүгө чамасы жетпей турган чакта көчүп келгендерге жер берүү жөн эле жомок экенин айтат. «Алар жыргагандан келишкен жок да. Иштеп, өз турмушубузду жакшырталы деген максатта ошол эл көп, жумуш көп жактарга ыктап жатышат. Эгер алар алыскы райондорго барса ал жерде кайдагы жумуш. Ошондуктан көчүп келгендердин баарынын башын бириктирип өзүнчө аймакка көчүрүп, анан жашай турган шарт түзүп берүү керек»,-дейт. Өзүнүн көп жылдык тажрыйбасында адам укуктарынын тебеленгенине далай ирет күбө болгон Оштогу «Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарийка Асылбекова да кантип жарандык алуу тууралуу 60тан ашуун аял кайрылганын айтат. «Кыргыз өкмөтү баары жакшы деп тил эмизип келүүдө. Чын-чынында алар кимдерге жардам берип жатат белгисиз. Көчүп келгендер каттоого туруу үчүн тиешелүү жерлердин баарына барган. Өздөрү кыргыз жарандыгын алам, кыргыз болом деп кызыкдар болуп жатса эмне үчүн бербеш керек. Анын үстүнө биз көп деле эл эмеспиз го»,-деген оюн билдирди.

 

ОШ

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены