Кайрылмандардын укуктук статусу кандай? (видео)

Кайрылмандардын укуктук статусу кандай? (видео)

Акыркы көрсөтүбүздө кайрылмандардын паспортту жана башка документтерди алууда кандай тосколдуктар менен дуушар болуп жатканын айтып бергенбиз. Эми кайрылмандардын укуктук статусу жөнүндө кеп кылмакчыбыз. 2007 жылы этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Анын автору – Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров.

 

Кайрылмандардын турмушу мал багуу жана дыйканчылык менен тыгыз байланышта. Ошондуктан алар үчүн жер маселеси – эн маанилүү.

 

Кайрылман стутусун алуудагы биринчи тоскоол – бул каттоо маселеси. Жер тилкеси жок болуп туруп каттоого туруу мүмкүн эмес.

 

Чынында кедейчилик жана жумушсуздук үчүн кайрылмандар эн арзан батирде ижарада турууга мажбур.

 

Кайрылмандарды басымдуу бөлүгү Кыргызстандын алыскы аймактарында, элетте турат. Ал эми кайрылмандын статусу Бишкекте гана берилет. Мындан көп маселе чыгып жатат.

 

2007 жылы кабыл алынган “Этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө мыйзам”кайрылмандардын бут маселелерин чечүүгө багытталган. Бирок биз күбө болгондой туура жазылган мыйзам, натыйжасыз башкаруу үчүн көп учурду иштебей жатат.

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены