Кайрылмандар милиция кызматкерлери тарабынан кодуланып жаткандыгы тууралуу расмий түрдө кайрылышпайт

Кайрылмандар милиция кызматкерлери тарабынан кодуланып жаткандыгы тууралуу расмий түрдө кайрылышпайт

Кыргызстан эгемендик алгандан бери 50 миңден ашуун этникалык кыргыздар тарыхый мекенине кайтып келишкен. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар жана жер которгондор менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Айгүл Борбугул кызы билдирди.

 

“Негизинен алар Тажикстан менен Өзбекстандан келгендер. Алардын 40 миңден ашууну Кыргыз Республикасынын жарандыгын жана кайрылман статусун алган. Бирок, сырттан келген этникалык кыргыздар милиция кызматкерлери тарабынан кодуланып жаткандыгы боюнча бизге ооз эки кайрылат. Бирок, негедир алар арыз жазып кайрылышпайт. Эгерде ушундай фактылар катталса, биз ал жерге барып, маселени жеринен чечкенге аракет кылабыз. Бул маселе боюнча сырттан келген кыргыздарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ал эми кайрылмандар Кыргызстандын кыргыз паспортун алганы менен паспортуна туулган жери жазылат. Мисалы, Тажикстан же Өзбекстан деп. Анткени, бул Кыргызстанга сырттан келгендердин санын билүү үчүн керек жана мындай ыкма дүйнөлүк практикада колдонулат”,- дейт А.Борбугул кызы.

 

“Ошондой эле кайрылмандарды колдоо боюнча мамлекеттик программанын үстүндө биз үч жылдан бери иштеп жатабыз. Башкача айтканда, аталган программанын ичине кайрылмандарга гуманитардык, пенсия, пособия, жумушка орношуу жана башка маселелерди да камтууга аракет кылып жатабыз”,-деп кошумчалады ал.

 

Эскерте кетсек, айрым ЖМКларда тарыхый мекенине кайткан кыргыздар Кыргызстандын жарандыгын жана кыргыз паспортун алгандыгына карабастан, (Кайрылмандардын документтинде туулган жери Тажикстан же Өзбекстан деп жазылгандыктан) милиция кызматкерлеринин ар кандай кодулоосуна кабылып жаткандыгы айтылып келет.

 

"Кабар-Пресс" мамлекеттик маалымат кызматы

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены