Мазарлуу ыйык жерлер

Мазарлуу ыйык жерлер

Сарыколдой ыйык, мазарлуу, шейиттүү жер аз деп улуу улукман карыялар айтып келишет. Сары-кол тарыхында миндеген жылдар болуп Мургаб жергесине биринчи болуп коңшу кытай мамлекети көзүн артып жунгар баскынчылары бир канча кылым мурда келип кайра жеңилип кетишкен.

Кийин Улу Британия мамлекети көзүн артып ар кандай экспедиция жөнөтүп, өзүнө каратышка аракет кылса ошол эле убакытта орус империясы дагы өзүнө каратыш үчүн атайын экспедиционный корпус жөнөтүп биринчи казак чептерин салганы бардык эли журтка, тарыхка маалым. Ар бир келип кеткен баскынчылар мене Сары кол эли согушуп, канча канча жигиттер, улук адамдар шеит болушкан экен.

 

Ошондой бир тарых туурасында айта кетейин. Ошол мезгилдерден бери Аличор талаасынан өтүп кетип бара жатсаңыз Ак-Балык ата деген мазарлуу жер, анын бет мандайында Абдикарим ата деген мазарлуу жер бар экенин көбү билсе көбү билбейт . Мага бир канча жыл мурун райком комсомолдо жумушта жүргөн кезде Аличор жергесинде бир карыя менен отуруп калгам. Ошондо (аксакал азыр өтүп кетти бул ааламдан Аллах Таалам жанын жаннаттан кылсын) мага ошол аксакал Ак-Балык менен Абдикарим ата мазарларын тарыхын айты эле.

 

Ошол жунгарлар менен согуш болуп турган мезгилде Аличор жергесинде Гожо Бий деген кесек уруусунан белгилүү бир инсан өткөн экен ,жунгарлар басып келгенде кол курап кол башыга Шамрек деген баатырды бекитип жунгарларга каршы чыккан экен. Айтышта ошол Гожо Бий өзү да өтө таза, илимдүү, олиялык даражага жеткен адам болгон экен.

 

Mazar yiyk jer 2Бир күн ошол азыркы Ак-Балык мазарынын тегерегинде жунгарлар менен каттуу беттешип, каттуу согуш болот экен. Ошондо дагы эки баатыр, улук окурманчылыгы чоң, олиялык даражалары бар ага ини болгон экен биринин аты Мухаммад Карим экинчиси Абду Карим. Ошол экөөсү тең кол баштап каттуу согушушат, кечинде карангы кирип урушкан аскерлер эки жакка тарап өз конуштарына келсе тиги эки белгилүү инсан согушта набыт болуп келбей калышат экен.

 

Ал убакта согуштун тартиби боюнча эки жоо күндүз кечкече согушуп анан түн киргенде өз конушуна кайтып, жарадарларын таңып, өлгөн аскерлерин жоктоп тактайт экен. Ошентип кеч кол келсе баягы инсандар жок болуп чыгат.

 

Гожо Бий жигиттерине кайрылып жигиттер тиги эки улук адам шеит болуптур барып каапырдын арасында таштабай алып келгиле дейт, анда жигиттери

-ай жарыктык бийим карангы түндо каапыр менен биздин жигиттер аралашып жатышса кантип табабыз дешсе,

- Гожо Бий андан да окумдуу айтыптыр ал инсандар жөнөкөй адамдар эмес Кудай Таалам берсе нуру чыгып турса керек ошол нур чыккан жерден таап аласыңар дептир.

 

Ошентип аскерлер согушкан жерге барышса эки жерден аппак жарык нур чыгып туратымыш, барып таап алып келишет экен. Ошондо Гожо Бий -аруу жууп, ак кепиндеп дарыянын өйүз бүйүзүгө эки жагына өткөн кеткен момуну мусульманга шафааты тийип турсун, Абдикарим атаны наркы өйүзгө, Мухаммад Каримди бул жагына көмгүлө деп -эки улуук инсан эки жееке койулган экен. Андан Гожо Бий мына жигиттер аалам дагы бир гез ге кыскарды деп өксүп жыгылган дейт.

 

Алланын амири (буюругу) менен бир апта өтпөй экөөнүн койулган жайынын астыр жагынан булак ийип азыркы күндө чоң булак болуп агып турат. Эски убактарда канча адамдар келип сыйынышып, түлөө өткөрүп эмне Алла Тааладан сурашса орундалып турчу экен. Иншаллах азып ким туура неет менен чын ыкласы менен ошол булактан ичип мазарларына түлөө берсе максатына жетер Аллах Тааланын жардамы менен... Аллах Таалам бардык өткөндөрдөн ыраазы болсун.

Комментарий

McTayor

Четверг, 24 Марта 2016 09:33

Mr.Abubakir you wrote very good history of PAMIR )) respect my frined Abubakir

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены