Памир: Бата той (видео)

Памир: Бата той (видео)

Сары-кол өрөөнүндө жашаган этникалык кыргыздар азыркы күнгө чейин өз эне тилинде билим алып, маданиятын, үрп-адат, каада салтын сактап келүүдө. Памирлик кыргыздарда нукура каада-салт менен той өткөрүү, элди баш коштурган маанилүү окуя экенин айтып келеттер.

 

“Той өзү абдан гениалдуу нерсе. Той болбосо, элдик оюндар ойнолбосо, адамдар бири-бири менен кандайдыр бир нерселер аркылуу байланышып, бири-биринен ажырай албай турбаса, үй-бүлө курулмак эмес, коом түзүлмөк эмес, бардыгы чачырап кетмек. Ошондуктан Памир кыргыздарында сакталып калган той - адамдардын ортосунда мындай мамиле болгон деп көрсөтүп мактана турган абдан терең маданият. Ошол жерде жашап жаткан элдин бардыгы ошол жердеги сүйүнүчтүн, өкүнүчтүн баарын тең бөлүшүүсү керек, ошол жердеги сөздөрдүн баарын угуш керек, ошол жердеги маалыматтарды баары алышы керек. Ошентип орток пикир, орток көз караш келип отуруп, улуттук пикир, улуттук көз караш, орток позициялар келип чыккан» - Профессор С. Кайыпов

 

 

 

--------------

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены