Кыргыздар кытай сүрөтчүнүн көзү менен

Кыргыздар кытай сүрөтчүнүн көзү менен

Чэн Жифен аттуу кытай сүрөтчүсү кыргыздардын тарыхына жана маданиятына арналган “Eagle clan - Бүркүттүн уруу” деп аталган фотоальбомун чыгарды. Ак-кара түстөгү сүрөттөрдө кытайлык кыргыздардын жашоо-тиричилиги чагылдырылган.

 

Сүрөттөрдү жаратууга Чен Жифен бир нече жылдарды арнап, миңдеген чакырым жолдорду баскан. Сүрөтчү аталган альбомдун бир нускасын Кытайга иш сапары менен барган Султан Раевге тапшырган.

 

Учурда Чен Жифендин жеке көргөзмөсүн Кыргызстанда да өткөрүү талкууланууда.

 

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены