Баатырдын ысымы көчөгө ыйгарылды (видео/сүрөт)

Баатырдын ысымы көчөгө ыйгарылды (видео/сүрөт)

Үстүбүздөгү жылдын 3-октябрь күнү Кара-Балта шааарынын Жайыл айыл өкмөтүнүн Алексеевка айлындагы 8 март көчөсү Райимкул уулу Баатырбек атына өзгөртүлдү.


Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгондор арасында "Эрдик" медалын алган, Чек ара кызматынын "Бөрү" атайын багыттагы отрядынын чалгынчы-фельдшери Сары-Кол өрөөнүнүн эр жигити Баатырбек Райимкул уулу дагы бар болчу.


Көчөнүн аты жөн жерден өзгөртүлбөйт. "Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун" дегендей баатырдын атын, эрдигин келечек муун биле жүрсүн деп иш чара өтө эгиз денгеелде өткөрүлдү. Ачылыш аземине райондун акими Түркбаев Төрөгелди Калыбекович, акимдин орун басары Сердюкова Элена Васильевна, айыл өкмөтүнүн башчысы Кокоев Марат, чекара кызматынан, жердештери, тууган уруктары, ошондой эле шаар бийлигинин өкүлдөрү иш чарага катышып, жүрөктөн чыккан жалындуу сөздөрүн айтышты.


Ушул иш-чараны демилгелеп, жетектеп жана уюштуруу иштерин бүтүрүүдө зор эмгек жасаган "Мургаб ынтымагы" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Асылбек Атабаевге терең ыраазычылык билдирүү менен иштерине ийгилик каалайбыз !

 

 1 1  1 2
 1 3  1 4
 1 5  1 6  1 7
 1 8  1 9  2 1


 


 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены