“Ынтымак” парламенттик фракциясы этникалык кыргыздар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту

“Ынтымак” парламенттик фракциясы этникалык кыргыздар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин "Ынтымак" парламенттик фракциясы жумушчу жыйын өткөрүп, өлкөдө жашап жаткан этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн укту.


Фракция жыйынына кайрылман статусун алып, өлкөдө жашап жаткан этникалык кыргыздар жана бир катар тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышты.


"Ынтымак" парламенттик фракциясынын лидери Марлен Маматалиев буга чейин "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" мыйзам долбоору кабыл алынганын бирок, иш жүзүндө бир топ мүчүлүштүктөр орун алып жатканын белгиледи .


"Биздин максат аталган мыйзамдагы айрым карама-каршылыктарды карап чыгып, өзгөртүүлөрдү киргизүү. Антпесе мыйзам иштебей, кайрылман статусун алган жарандар кыйналып жатышат",-деди депутат.


Жыйынга катышкан кайрылман статусун алып жүргөн этникалык кыргыздар аларды тарыхый мекенине көчүрүп келүүгө көмөк көрсөтүүдө, мамлекет тарабынан жүрүп жаткан аракеттерге ыраазы экенин айтышты.

 

yntymak-parlamenttik-fraktciiasy-etnikalyk-kyrgyzdar 2 yntymak-parlamenttik-fraktciiasy-etnikalyk-kyrgyzdar 3
yntymak-parlamenttik-fraktciiasy-etnikalyk-kyrgyzdar 4 yntymak-parlamenttik-fraktciiasy-etnikalyk-kyrgyzdar 5
yntymak-parlamenttik-fraktciiasy-etnikalyk-kyrgyzdar 6 yntymak-parlamenttik-fraktciiasy-etnikalyk-kyrgyzdar 7


Бирок ошол эле учурда, өлкөгө көчүп келген этникалык кыргыздар кабылып жаткан көйгөйлөр да арбын. Айтымдарында, учурда кайрылмандардын негизги көйгөйү паспорт маселеси. Андан сырткары, балдарды мектеп, бала–бакчаларга жайгаштыруу, ооруканада дарылануу жана турак-жай менен камсыз болуу сыяктуу бир топ кыйынчылыктар болууда.


Отурумда фракция мүчөлөрү тиешелүү органдар менен биргеликте аталган көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулашты.


Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены