"Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздарга жер берилет" Мыйзамды өзгөртүү сунушталууда

"Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздарга жер берилет" Мыйзамды өзгөртүү сунушталууда

Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер; коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин отурумунда "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.


Мыйзам долбоорунун демилгелеген депутат Нурланбек Азыгалиев сунушталып жаткан өзгөртүүлөр этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине көчүп келүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле алардын мамлекет тарабынан кепилденген укуктарын ишке ашыруу зарылчылыгынан улам келип чыккан жоболорун өркүндөтүү максатында иштелип чыкканын белгиледи.


"Чындыгында мыйзам долбоору "кайрылман", "кайрылман статусу" жана "этникалык кыргыздар" терминдеринин жаңы, өркүндөтүлгөн аныктамаларын сунуштайт. Этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине көчүп келүү укуктарын ишке ашырууга багытталган нормалар сунушталууда. Сунушталып жаткан нормага ылайык; күбөлүк юридикалык статус берүүчү жана каттоо органдарына каттоого укук берүүчү документ катары гана эмес, мамлекеттик кепилдиктерди алуу үчүн социалдык статусун ырастоочу документ катары да колдонулат", - деди Азыгалиев.


Мындан тышкары ал сунушталып жаткан ченем боюнча мамлекет тарабынан берилген социалдык кепилдиктерге ылайык, кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар катталган жана жашаган айылынын аймагында айыл чарба багытындагы жерлерден пайдаланууга укуктуу болорун кошумчалады.


Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп, анын маанилүүлүгүн белгилешти.


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери "кайрылман" деген макам 437 этникалык кыргызга берилди. Алардын 414ү Тажикстандан, 15и Өзбекстандан көчүп келген. Ошондой эле Орусиядан 4, Түркменстан, Кытай, Украина, Ооганстан өлкөлөрүнөн бирден адам келген.


Азыркы тапта Өзбекстанда 300 миңдей, Кытайда 200 миңге жакын: Туркияда 5 миңдей: Ооганстанда 2 миң чамалуу, Пакистанда 500гө жакын этникалык кыргыз жашайт.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены