Жашартуучу диета

Жашартуучу диета

Майдаланган сабизден даярдалган пюре, лимон согу, бал, жаңы жашылчаны 3 күн катары менен эртең мененки, түшкү жана кечки тамак ордуна кабыл алуу зор пайданы бере алат. Мындай ыкманы колдонгон адам жашарат дешет. Анан 4-күнү бул рационго картөшкөнү жана нанды бир аз кошуп тамактануу керек. 5-күнү мал-майын жана этти аз өлчөмдө кошосуз. Бул диетаны бир аз убакыттан өткөрүп туруп кайра кайталап туруу керек.

 

Жүрөккө дабаа дары

Германиянын Мельбурн шаарындагы медициналык борбордун кардиологиялык тобу жүрөктү операциясыз айыктыруучу жаңы методду ойлоп табышты. Жүрөктүн иштешин жигердештирүү, жүрөк булчуңунун иштөөсүн жакшыртуу үчүн күн сайын 50-100г. шоколадды жеш керек. Анткени анда дарылык эффект берүүчү кофеин жана теобромин бар.

 

Табигый азык - ден соолукка пайдалуу

Адамдар ден соолугунун чың болушу үчүн натуралдык продуктуларды кабыл алуусу абзел. Мындай табигый азыктарга сүт, айран кирээри бышык. Адам организминде миллиондогон микробдор жашайт. Алардын көп бөлүгүн пайдасы зор биофидобактериялар жана лактобактериялар түзөт. Бул бактериялар тамак-аштын сиңирилишинде, иммунитеттин бир калыпта сакталышында витаминдердин нормалдуу синтезделишинде негизги функцияны алып барат. Организмдин пайдалануу флорасына стресстер, антибиотиктер, уулануулар, ар кандай травмалык таасир этүүлөр аябай чоң зыян тийгизет. Жыйынтыгында бул бактериялардын иш аткаруусу өзгөрүп, дисбактериоз пайда болушу мүмкүн.

 

Дисбактериоз - оору эмес, бирок күчөй баштаса тамак-аш сиңирүү калыбынан өзгөрүп, адам кыйналып, метеоризм, саламаттыктын начарлаганы байкалат. Ошондуктан Россиялык ден соолук институту дисбактериоздун алдын алуусу үчүн күн сайын 1-2стакан айран же биокефир кабыл алууну сунуштайт. Кичине балдарга 6 айлык курагынан тартып балдар үчүн арналган биокефирлерди язва ооруларынан жапа чеккендерге кабыл алууга болбойот, - дешет адистер.