Тоолор менин жүрөгүм

Тоолор менин жүрөгүм

Чөлгө барсам, тоого тартат жүрөгүм,

Ал анткени тоого бекем байланган.

Мекен болгон бир ууч Сары-Кол элиме,

Карааныңдан, касиетиңден айланам.

 

Тоолор, булар карт тарыхтын күбөсү,

Тоолор, булар Сары-Колдун жүрөгү.

Мүрөк суусун таппай силер жүрсөңөр,

Ишенгиле тоодо жашоо мүрөгү.

 

Улуу тоодо улары бар, аркар бар,

Койнунда бар алтын, күмүш, көөхарлар.

Байланышкан тоого элдин тагдыры,

Тоо койнунда далай-далай дастандар.

 

Дем, күч берчи сендей бекем болоюн,

Эч бир нерсе майтара албаган.

Ант беремин сага улуу тоолорум,

Кан, жанымды сага гана арнагам.

 

Мухаммед-Кадыр ХАЛИКОВ

Шаймак айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.