Дарыгер: Жалпысынан памирликтердин ден-соолугу таза

Дарыгер: Жалпысынан памирликтердин ден-соолугу таза

Учурда Нарын облустук бириктирилген ооруканасында медициналык кароодон өтүп жаткан памирлик кыргыздар менен Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

 

Бүгүн, 2017-жылдын 15-октябрында, облус башчы памирликтер жайгашкан палаталарда болуп, ден-соолуктарынын абалын, санитардык-гигиеналык шарттар менен камсыздалышы боюнча пикир алышып, сунуштары, каалоо-тилектери болсо аткарууга даяр экенин билдирди.

 

 

«13-октябрда кеч келип, жолдон чарчап келдиңиздер эле. Бүгүн маанайыңыздар жакшы экен. Элибиз сиздерди сурап, салам айтып жатышат. Маселеңиздер болсо тартынбай ачык айтып, оюңуздарды ортого салып, сунуштарыңыздарды бериңиздер. Аткарууга даярбыз»,-деди облус башчы.

 

daryger-zhalpysynan-pamirlikterdin-den-soolugu-taza 2 daryger-zhalpysynan-pamirlikterdin-den-soolugu-taza 3

 

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору Мурат Атбаев Кичи жана Чоң Памирден келген кыргыздардын саламаттыгы жана тамактануусу боюнча маалымат берди. Анын айтымында, жалпысынан памирликтердин ден-соолугу таза. Кийинки жумада медициналык текшерүүдөн толук өткөрүлүп, ар бирин врачтардан түзүлгөн комиссия карап чыгат. Тамак-ашы атайын түзүлгөн менюнун негизинде берилип жатат.

 

А.Кайыпов медициналык кароодон өткөндөн кийинки кадамдар боюнча маалымат берип, балдардын билим алуусуна өзгөчө көңүл бурулаарын айтты.

 

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Афган Ислам республикасынын Кичи Памир жана Чоң Памир жергесине уюштурулган экспедиция 33 этникалык кыргыздарды, билим берүү максатында, 2017-жылдын 13-октябрында Нарын облусуна алып келген.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены