Спорт ден соолуктун булагы

Спорт ден соолуктун булагы

Быйыл 2018-2019-окуу жылынын башында Манас атындагы №9 орто мектебинде жыл башындагы ата-энелер жыйынында көптөгөн маселелер каралган болчу. Ошол маселелердин бири болуп, мектеп директору Мырзабек Сатыбалдыевич быйылкы окуу жылын “ата-энелер жылы”-деп белгилеген. Ошол белгилөөнүн жыйынтыгында 18-19-март күндөрү Нооруз майрамынын урматына мектеп администрациясы чоң программадагы волейбол, теннис жана шахмат оюнда- рын уйуштуруп берди.

 

sport-den-sooluktun-bulagy 2Оюн мектебибиздин заңгыраган заманбап спорт залында өттү. Бул оюндарга №9 орто мектебинин ата-энелери келип катыштык. Аялдар тайпасы бөлөк, мырзалар тайпасы бөлөк болушуп чоң мелдеш болду. Оюндун аягында мектеп администарциясы тарабынан жеңүүчүлөргө белектер жана ардак граммоталар тапшырылды.

 

Майрам алдында бизге ушундай чоң кубаныч тартуулаган мектеп администациясына, биздин балдарыбызга билим берген эже-агайларга, sport-den-sooluktun-bulagy 3мектептин жылуулугун жана башка техникалык иштер менен камсыз кылган агаларга, ар дайым тазалыкты сактап жаткан эжелерге жалпы ата-энелердин атынан таазим. Сиздерди №9 Манас атындагы жалпы орто билим берүү мекемесинде билим алып жаткан балдардын ата-энелеринин атынан Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайбыз! Сиздерге ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, үй бүлөлүк бакыт каалайбыз!

 


№9 Манас атындагы жалпы орто билим берүү

мекемесинин ата-энелеринин атынан Джусупов Абилмажитт