Жакшы кызматкер болуунун жалпы талаптары

Жакшы кызматкер болуунун жалпы талаптары

Сиз качан, кандай шартта, кандай жумушка киргени жатсаңыз да унутпай эске ала турган эрежелер бар. Анын арты менен сиз жетекчиге же жагасыз, же жакпайсыз. Эмесе, ал кайсы эрежелер экенин билип алыңыз.

 

Келбетиңиз келишимдүү болсун

 

1. Cиз жумуш сурап барган ишкананын багытына жараша кийиниңиз. Мисалы, кеңсеге барсаңыз, классикалык стилде кийиниңиз. Бирок кыска кийим менен кээ бир жетекчилерди иренжитип алышыңыз мүмкүн.

2. Такасынын бийиктиги 8 сантиметрден ашпаган күңүрт же кара өңдөгү туфли кийиңиз. Туфлиңиз жабык түрдө болсун.

3. Чачыңыз жыйналып, жөнөкөй жасалганы жакшы. Узун болсо түйүп алыңыз.

4. Макияждын жеңилин тандаңыз, өтө чектен ашык боёнуп алуунун кереги жок.

5. Дароо айлык маянаны сурабаңыз. Аны жумушка орношкондон кийин деле такташып алсаңыз болот.

 

Жетекчиге туура сүйлөп жагасыз

 

1. Босогону аттаганда жылмайып сылык учурашыңыз.

2. Кысылбай, өзүңүздү эркин алып отуруңуз.

3. Ал ишкана тууралуу алдын ала маалымат жыйнап алыңыз. Көптөн бери билериңизди белгилеп топтогон маалыматыңызды айтып бериңиз.

4. Ошондо алуучу тарапта сиз тууралуу жакшы ой пайда болот.

5. Өтө акылдуу болуп жасалма сүйлөөдөн качыңыз.

6. Жумуш тууралуу кызыктуу суроолорду берсеңиз болот. Бул чындыгында кызыгууңуздун артып жатканынан кабар берет.

 

Жаңы орундан мурун жаңы кесиптештерге көнүңүз

 

1. Жамаатка келгенде өзүңүз жөнүндө толук маалымат бериңиз. Андан кийин ар бири менен таанышып чыгыңыз.

2. Кимге кандай кайрыларыңызды сурап алыңыз.

3. Толук таанып билгенге чейин кичи пейил болуңуз. Аларга жакшы жагыңызды гана көрсөтүңүз.

4. Жамааттагылардын айткандарын көбүрөөк угуп, аз сүйлөңүз.

5. Алардан билбеген нерселериңизди тартынбай сурап алыңыз. Бирок майда-чүйдө суроо берип тажата бербеңиз.

6. Дароо эле өзүңүздүн жеке көйгөйүңүздү айтып сырыңызды ачпаңыз. Арасында сиз биле элек адамдар көп экенин эске алыңыз.

7. Келген күндөн эле кесиптештериңиздин арасынан дос тапканга аракет кылбаңыз, баарына бирдей мамиле жасаңыз.

8. Канчалык жумушуңуз көп болсо да алардын темасына аралашып сүйлөшкөнгө убакыт табыңыз. Болбосо кысылып жаман ойдо боло бересиз.

 

Милдеттерди аткаруудан качпаңыз

 

1. Оюңузду ачык айтуудан тартынбаңыз. Мындан кийин кадимкидей жеңилдеп калганыңызды байкайсыз.

2. Жетекчи тилдеп жатканда эч качан оюн бөлүп каршы чыкпаңыз. Бул аны сыйлабагандыкка жатат. Качан сөзүн жыйынтыктагандан кийин өзүңүздүн оюңузду айтыңыз.

3. Жетекчинин айткан сынын туура кабыл алып, экинчи ирет кайталабаганга аракет жасаңыз.

4. Жумушта дайыма ийгиликке жетүүгө умтулуңуз. Бул үчүн жетекчиңиздин иш-аракеттерине, жетишкен ийгиликтерине көңүл буруу менен көп нерселерди үйрөнө аласыз.

5. Жетекчиңизди эч качан өзүңүзгө көчүрүп албаңыз. Өзүңүздөгү өзгөчөлүктү издеп табыңыз.

6. Ар дайым эле кеңеш сурай бербей, өз алдынча ой жүгүртүп демилге көтөрө билиңиз.

 

Жылдыз белгилери кызматкерлердин сырын ачат

 

Кой. Булар лидер болуп төрөлүшөт. Демек, кандай гана жумуш болбосун, баары колунан келген шыктуу, мыкты жумушчу болушат.

Букачар. Туура эмес кылып койгон күндө да мойнуна албай дайыма өзүн көтөрүп башкалардан алдыда болгонду жактырат. Берилген тапшырманы убагында аткарат.

Эгиздер. Жумуштун оор-жеңилин тандабай берилип иштешет. Ошол эле учурда техникалык жумуштарга да шыктуу болушат.

Бөйөн. Идеяга өтө бай келишет. Өзүнүн артынан жалпы жамаатты шыктандырат. Идеяга бай адам жетекчиге ар дайым керек эмеспи.

Арстан. Лидер болууга дайыма аракеттенет. Өзүн ойлоп жатып жумуштун кызыкчылыгын эске ала бербейт.

Бийкеч. Жогорку деңгээлдеги аналитик. Бардык ишке анализ жүргүзүп иш кылгандыктан ишинен кемчилик таба албайсың. Сен ойлогондон да мыкты аткарат.

Тараза. Жетекчиге дайыма каршы чыгып жамааттын кызыкчылыгын биринчи орунга коёт. Ошондон улам жетекчи менен келише албасы мүмкүн.

Чаян. Түшүнүктүү, айткан сынды уга билген инсан. Оңой менен ачуусу келбейт. Мындай адамдан жамандык күтпөй койсоңуз болот.

Жаачы. Баарын масштабдуу ойлонгондуктан жетекчи аны майда-барат иштерге жумшай бербейт. Мыкты уюштургуч.

Текечер. Жетекчинин ордун тартып алууга аракет жасаган адам. Жумушта дайыма ушул тууралуу ойлонуудан тажабайт.

Суукуйду. Жумуштагы аурага абдан көңүл бурат. Эгерде келише албаган адам болсо, кол шилтеп басып кетет.

Балыктар. Фантастиканы, кыялданганды жактырган инсан. Өзү аракет кылбастан, бирөөнүн таянычын күтө берет. Мындан улам ишке жөндөмү анчалык эмес.