Наушник зыяны

Наушник зыяны

Кулагыңызды кереңдикке алпарган мобилдик байланыштар Кулакка таккан «наушниктер» биздин кулагыбыздын бара-бара укпай калышына түрткү берет. Андыктан аны тагууда көлөмдүү (көбүнчө радио кызматкерлери пайдаланган наушниктер) жана укканда кошумча ызы-чуусу жок сапаттуусун пайдаланыңыз.

 

Мобилдик телефондо көп сүйлөшүү абдан зыян. Аны жаштар али сезе элек болсо да улгайган жаштагылар сүйлөшүүдө абдан жакшы байкашат, анткени кадимкидей кулактын тамыр-тарамыштары тартылып ооруп кеткенин сезген чыгарсыз.

 

Телевизор, радио укканда да болушунча добушун чыгарып койбоңуз, бул дагы кулак кереңдикке алпарат.

 

Анткени кулак пардасы абдан назик экенин унутпаңыз. Ызы-чуулуу концерттерге көп баруу да кулактын душманы.