Кыргыздын тыюу салган ырымдары

Кыргыздын тыюу салган ырымдары

*Ата-энеңдин астын бөгөп, жолун тоспо.
*Адамдарды колуң менен санаба.
*Аксакал карынын жолунан кыя кесип өтпө.
*Адамды айланып жүгүрбө.
*Адамдын үстүнөн аттаба.
*Ата-энеңдин төшөгүн тебелебе.
*Ай менен Күндү карап заара ушатпа.
*Адамды каратып мылтык мээлебе.
*Адамга бычак кесеп, бычак менен тап бербе.
*Адамга аркаңды салып, тескери карап олтурба.
*Акты жерге төкпө.
*Айт күнү кир жууба.
*Айды сөөмөйүң менен сайып көрсөтпө.
*Аял киши эркектин жолун торогон болбойт.
*Аялды караңгыда сууга жибербе.
*Аягыңды асманга чыгарып жатпа.
*Аккууну атпа.
*Атка тескери карап минбе.
*Аттын жүгөнүн аттаба.
*Ант куюлган аякты сол колуң менен сунба.
*Балтаны баскан жолго таштаба.
*Бала жатпаган кур бешикти терметпе.
*Балдарың жаткан бешикти башка бирөөгө сатпа.
*Балапанды өлтүрбө.
*Баш кийимди босогого илбе, жерге таштаба,
*Баш кийимди белекке бербе, тескери каратып кийбе.
*Башты аялга мүлжүтпө.
*Байгеге чабыла туруучу күлүктү аялга мингизбе.
*Бышкан ашты таштаба.
*Бычактын учу менен тамак жебе, мизин кармаба.
*Бычак менен күйүп жаткан отту көсөбө.
*Бычак менен казандагы этти сайып чыгарба.
*Бейтитти колуң менен көргөзбө.
*Бейиттин топурагын жаңыртпа.
*Биринчи тапкан олжоңду бирөөгө карызга бербе.
*Бутуңду жип менен тушаба.
*Бут кийимди төргө чыгарба.
*Бүрдөп турган бакты кыркпа.
*Бүлүнгөндөн бүчү да алба.
*Бүркүттү шыйракка чаппа.
*Босогону баштанып жатпа.
*Босогону эки колуң менен кулачтаба.
*Босогого олтурба, бутуң менен баспа.
*Босогодон аттабай салам бербе.