Интернеттен таанышканда абайлаңыз

Интернеттен таанышканда абайлаңыз

Мурда ата-энелерибиз жакын туугандары аркылуу таанышып, тойго чейин бири-бирин көрбөй келишсе, азыркы учурда технологиянын өнүгүшү менен бирөөнүн жардамысыз интернеттен эле таанышып, жадагалса интернет аркылуу эле сүйүүлөрүн билдирип жүрүшөт. Мына ошол виртуалдык таанышуунун канчалык деңгээлде артыкчылыгы жана кемчилиги бар экенине токтолобуз.

 

Артыкчылыктары:

Интернет менен таанышуу алысты жакындатат, тагыраагы, алыстагы адам менен пикир алышууга шарт түзөт. Бири-бирине жакпай калса да жолугуп отурбастан интернеттен эле айтып коюуга болот.

 

Бири-бири тууралуу аз да болсо маалымат ала алышат.

Сүрөтүн көрүү менен жолугушууга барганда кандай адам болду экен деп кыжалат болушпайт.

Бири-биринин кызыкчылыктарын анча билбегендиктен каалаган темада баарлаша алышат.

Жалгыздыктан жапа чегип жүргөндөр үчүн интернеттен пикир алышуу пайдалуу.

Кемчиликтерин жашырып жана тартынбастан, өзүнө ишенимдүү түрдө сүйлөшө алат.

 

Кемчиликтери:

Таанышкан адамын интернеттен сүйүп калып, бирок кийин жолукканда оюндагыдай болбой калып жүрөгүн жаралап коюшу мүмкүн.

Интернеттен сүйлөшүү – “бет капчан сүйлөшүү”. Бири-бирин көрбөгөндүктөн калпты да кошуп сүйлөй беришет. Ошондой эле түрмөдөгү кылмышкерлердин тузагына да илинип калышы ыктымал.

Интернеттен сүйлөшүүдө кыймыл, мимика, тил колдонулбагандыктан эмоционалдуулук, пикир алышуу жөндөмү жоголот.

Убакытты көп талап кылат, башкача айтканда, таанышкан адамы жагабы жакпайбы, билиш үчүн интернеттен көбүрөөк сүйлөшкөнгө туура келет. А жолугуп сүйлөшкөндө бир-эки абалдан эле билип койсо болот.

Аппараттан чыккан ультра нур көзгө, дегеле ден соолукка зыян келтирет.

Стресс, депрессия, невроз сыяктуу психофизиологиялык ооруларды пайда кылат.

 

Интернеттен таанышуу этикасы

1.Суроону сабаттуу бериңиз жана сурооңузга жооп бере электе эле кийинки суроону узатпаңыз.

2.Жазган билдирүүсүнөн ката көрүп калсаңыз, билмексен болуп коюңуз.

3.Анкетасында үй-бүлөлүү экендиги жазылбаса, бул тууралуу сурасаңыз болот. Ал эми айлык акысы, унаасынын маркасы, бою, салмагын суроо маданияттуулукка жатпайт.

4.Таанышкан адамыңызга жаккан темада баарлашыңыз.

5.Профилге жылмайып түшкөн, ачык-чачык эмес, ыктуу кийинип түшкөн сүрөтүңүздү коюңуз.

6.“Качан жолугабыз?” деп жолугууга ашыгып, же жолуга электе эле сүйүүңүздү билдирбеңиз.

7.Комплимент жазып туруңуз.

8.Эгер жакпай калса, дароо эле орой айтып баш тартпаңыз. “Жер тоголок” дегендей, кийин кесиптешиңиз, аяшыңыз болуп же бир жерден жолугуп калышыңыз мүмкүн.