Иммунитетти кантип көтөрүү керек

Иммунитетти кантип көтөрүү керек

Иммунитеттин төмөндөп кетишинен улам ар түрдүү оорулардын келип чыгышы баарыбызга маалым. Ден соолугуңузга кам көрүп, иммунитетти көтөрүү үчүн төмөндөгү маалыматтарга көз чаптырыңыз.

 

- Жаңгактын кургатылып, майдаланган 2 аш кашык жалбырагын термоско салып, үстүнө 0,5 литр суу куюу керектелет. Дары-чайды түнү менен термосто калтырып, эртеси 50 граммдан 4 маал ичүү талапка ылайык.

 

 

- Түрптүн жана сабиздин ширесин теңме-тең алып, ага 1 аш кашык бал жана 1 аш кашык лимон ширесин кошобуз. Эртең менен жана кечинде 1 аш кашыктан ичүү керектелет.

 

- Алоэнин жалбырагынан 500 грамм алып, аны эт туурагычтан өткөрөбүз. Алынган массага 500 грамм кумшекер, 1,5 стакан кагор (шарап) кошобуз. Тамак ичерден мурун 1 аш кашыктан ичүү сунуш кылынат.

 

- 500 грамм майдаланган жаңгакка 300 грамм бал, 100 грамм алоэнин жана 4 лимондун ширеси кошулат. Аралашма 1 сутка тыныктырылат. Тамак ичерден 30 мүнөт мурун 1 аш кашыктан ичүү сунушталат.

 

- Күн сайын же болбосо эки күндө бир сарымсактын бир тишин жеп туруу керек.

 

- Ит мурунду сууга салып, кайнатып алган соң ага кант же бал кошуп ичүү иммунитетти көтөрөт.