Дасторкон четиндеги адеп

Дасторкон четиндеги адеп

-Тамактанарда колуңду жууганды унутпа.

-Дасторкон четине улуу кишилер жайланышкандан кийин гана орун ал. Отурганда ар жакты кылчактап карай бербе.

-Таянып отурба.

-Жей турган тамагыңды тарелкага чактап салып ал. Баарын салып алба, анткени сенден башкалар да андан ооз тийиши керек.

-«Мага бул бөлүгү жакты, чоң экен, ошону алам» деп тандаба. Кайсы бөлүк сага жакын болсо, ошонусун ал.

-Тамакты шашылбай же.


-Чайнап жатканда сүйлөбө.

-Оозуңдагыны жутуп, анан сүйлө.

-Чайды, суусундуктарды шорулдатып ичпе.

-Эгер колуңдагы кашык, айрыны жерге түшүрүп алсаң кечирим сурап, тазасын сура. Анан да эмнеге түшүрүп алганыңды айтып актанба.

-Тамакты жеп болгон соң оозуңду колуң же жеңиңдин учу менен аарчыбай, кол аарчыны пайдалан.

-Дасторкондон турарда бата кылып, үй ээсине рахмат айтууну унутпа.