Чарчабай иштөөгө болот

Чарчабай иштөөгө болот

Заманбап жашоодо ар бир кадам акчага байланган. Ал эми акча табыш үчүн иштеш керек. Андыктан жумуштан чарчап, эс алуу күндөрүн чыдамсыздык менен күткөндөр өтө көп. Катуу чарчаганда баарынан баш тартып басып кетүү тилеги пайда болот. Албетте, бул туура эмес. Андан көрө чарчабай, тескерисинче, ырахат алып иштөөнүн сырларын ачып көрбөйлүбү...

 

Бир нерсеге көңүл коё албай жатсаңыз, эртең менен ойгоно албай кыйналсаңыз, күзгүдөгү көрүнүшүңүз капалантса, жумушту ойдогудай аткара албай жаткан болсоңуз, бул сиздин чарчаганыңыздан кабар берет. Жумуштан тажоонун, жакындар менен урушуунун, жөнү жок кыжырдануунун себеби дал ушул чарчоо. Эгер убагында бул илдет менен күрөшпөсөңүз, жыйынтыгы аянычтуу болуп калышы мүмкүн. Анткени ар бир адам чарчайт жана чегине жеткенде «жарылып» кетип жагымсыз жагдайга кабылат. Мындайдын алдын алуу үчүн төмөндөгү кеңештерди эсиңизге түйүп алыңыз.

 

- Иш убактысын туура бөлүштүрүүдөн сиздин ийгилигиңиз көз каранды. Алгач эң маанилүү делген жумуштарды бүтүрүүгө шашылыңыз. Ал эми кесиптештер менен кобурашуу, интернет, музыка дегендерди кийинки кезекке калтыра туруңуз.

- Адам түштө чарчай баштайт. Мунун себеби организмдеги энергиянын азайышына байланыштуу. Мындан улам кандай гана ишканада болбосун, түштөнүү үчүн атайын убакыт каралат. Бул убакытты өз маалында тамактанууга жана мээни бир аз сергитүү үчүн колдонуу керек. Тамактанып жатканда жумуш тууралуу ойлонбогонго аракет жасаңыз.

- Жумуш ордуңуздун жайлуу жана жагымдуу болушуна кам көрүңүз. Столуңузда же дубалда жакындарыңыздын сүрөтү, бөлмө гүлдөрү сыяктуу көңүлүңүздү ар дайым көтөрө турган нерселер болгону жакшы.

- Эс алуу күндөрүн колуңуздан келишинче көңүлдүү өткөрүңүз. Дүкөн кыдыруу, досторго жолугуу, сейилдөө же жөн гана таза абада басып көңүл көтөрүү керек. Эгер бул күндөрү да иштеп кала турган болсоңуз, анда жуманын башка бир күнүн эс алууга сөзсүз арноо керек. Жетекчиңиз буга уруксат бербей турган болсо да, айласын табууга аракет жасаңыз.

- Жумуштан тышкары ийримге жазылып алыңыз. Автомектеп, тамак жасоо, бий жана спорт ийримдери сунушталат.

- Күнүгө окшош иштерди жасагандар колдон келишинче жаңылык киргизип турууга умтулуусу керек. Жаңы эмерек, жаңы калем, жаңы кружка, жадакалса жаңы кийим да сиз үчүн жаңылык боло алат.

- Жумуш убактысы бүткөндө жөнү жок кеңседе отура бербеңиз. Анын ордуна бош убактыңызда жакынкы сейил бакка барып, айлана-чөйрөгө көз чаптырып, тынчтыкты тыңшап отуруңуз. Бул ыкма психиканын калыбына келишине көмөктөшөт.

- Эгер жогорудагылар да жардам бере албай калган абалга жетип калсаңыз, анда эмгек өргүү алганыңыз туура. Бул убакыт эки жумадан кем болбоосу шарт. Саякатка чыгуу, жаңы жерлерди көрүү чарчоодон арылта алат. Эс алуу учурунда мээ гана эмес, денени да эс алдырып, оор жумуштарды жасабаганга аракет кылыңыз.

 

ЧАРЧООГО ЭҢ КӨП ЧАЛДЫККАН АДАМДАР:

 

- Кардарлар менен иш алып баргандар (сурап-билүү агенттиктеринин кызматкерлери, жарнама менен иштешкендер, соодагерлер, официанттар жана башкалар);

- Жумуштан улам үй-бүлөсүнө аз убакыт бөлгөндөр (жетекчилер, менеджерлер, командировкага көп чыккандар);

- Чыгармачыл чөйрө. Маал-маалы менен эс алып турбаса, аларда идея түгөнүп, потенциалдары төмөндөп кетет. Ушул убакта көбүнчө чарчоо, тажоо сезимдери капташы мүмкүн.

- Үй кожойкелери. Билинбегени менен алар абдан көп энергия сарпташат. Анткен менен башкалар тарабынан көрүнүктүү иш бүтүрбөгөндөй кабыл алынышат. Мындан улам стресс, депрессияга да чалдыгып калуу коркунучу бар.