3D көз айнектер

3D көз айнектер

Учурда кинотеатрларда кеңири пайдаланылып жаткан 3D көз айнектери айрымдары үчүн түрдүү ыңгайсыздыктарды жаратары айтылууда. Ал эки көзгө эки башка келген көрүнүштү мээде бириктирип, мындан улам үч өлчөмдө көргөзөрү жалпыбызга белгилүү.

 

Адистер мындан улам көбүнчө кинотеатрларда жана үйлөрдө жаңы технологиядагы сыналгыларды көрүүдө пайдаланылган көз айнектерди бир эле ирет пайдаланууну сунушташат.

 

Ага биринчиден көздөгү инфекциялар себеп болууда.

Экинчиден алар эпидемияга айланып кетерин, абайлап пайдалануу керектигин эскертишет.

 

Мындан тышкары 3D көз айнектери көпкө тагынганда көздү чарчатып, айрым учурларда эки көрүнсө, кээде башты оорутат.

Ал эми көрүүсү начар болгондор 3D көз айнегин тагынганы менен барибир. Алар эки өлчөмдө гана көрө алгандыктан, аны тагынуунун кажети жок