Базарбай сүрөтчү (сүрөт)

bazarbai-s-r-tch-s-r-t.html 2Туулган жерине болгон сагынычын калеми менен ак казга түшүрүүнү адатка айланткан бул инсан тубаса сүрөтчү. Ал өзүнүн ички кусалыгын, тээ алыскы дүйнөнүн чатыры болгон Памир тоолорунун арасындагы Мургап районуна караштуу Көөнө-Коргон айылынын СССР кезиндеги элестерин ак кагазга түшүрөт. Базарбайдын элесинде өткөн балалыгы ата-энесинин жана агай эжелери классташ курдаштары өчпөс болуп сакталып калган.


Ал өткөнүн эстейт, ал тоо арасындагы чакан айылын сагынат. Бүгүн дагы ал айылынын сүрөтүн тартты, эртең дагы тартат. Бул анын көптөгөн жылдардан бери калыптанган кыял мүнөзү. Ал түстүү боёкторду колдонбойт, болгону ак кагаз жана кара карандаш менен тартат. Ак кагаз анын өткөн жашоосунун балалык кездеги аруу таптаза өңү, кара карандаш болсо ошол аппак аруу дүйнөсүн улам чиймелеп из салган пенде затынын жашоодогу изи.


Базарбайдын жашоо тагдыры да башка адамдар сыяктуу эле, дал ушундай ак кара менен айкалышкан. Арадан көптөгөн жылдар өтсө да ал өткөнүн эч унутпайт, аны улам улам ак кагазга түшүрүүдөн тажабайт. Ал эмгекчил, ак эмгеги менен үй-бүлөсүн багып жашоо кечирип келет. Жашы курагы өмүр сересинин жарымынан өтсө деле кээде балалык кыялы ойноп тээ алда кайда сезимтал дили менен булут минип каалгый учуп жөнөйт. Ал кайрадан жаңы сүрөттөрүн тарта баштайт.


Бүгүн Базарбай бала кезинде көргөн мергендин сүрөтүн тартты, ал кечээ болсо жайлоону андагы топоз сааган апасын тартты. Ал тарткан сүрөтүнө өзүп сүңгүп кирип өткөн балалык өмүрүнө кайра барып келгенсийт. Карандаш жана аппак барактарды магазинден алууга киргенде сатуучу кыз анын эмне сатып аларын дароо билет Өчүргүч, ак барак жана кара карандаш, бул буюмдар ага эң баалуу. Ал күндө жашоосун ак барактан баштайт, катасын өчүргүч менен өчүрөт.Бул адат күн сайын кайра кайра кайталана берет.


Базарбайдын жашоосу өзү тарткан сүрөттөй аруу таза жана түркүн түс жасалма боёксуз. Ал кече ак баракка сүрөтүн тарткан, бүгүн дагы тартат, эртең дагы. Ал эми өмүр көчү айланып өтө берет. Анын ак баракка тартылган айылы тээ алыста, бийикте, бийик тоолордун арасында бүркүттүн уясы сыяктуу кол тийгис бойдон, ал эми тарткан кайберени, тээ Памирдин ак чокулуу ашуусунда не бир көркөм элес болуп түбөлүккө каректерде кала берет.

 

1
2 3
4 5
6 7

 

Сатимкулов Базарбай Мойдунович 1971-жылы Тажик ССРинин Тоолуу Бадахшан автономиялуу Облусунун Мургаб районуна караштуу Көөнө-Коргон айылында жарык дүйнөгө келген. 1978-жылдары Кыргызстанга келип Воронцовкадагы орто мектепте 1981-жылга чейин окуган.


Андан кийин Мургап районунун Көөнө-Коргон айылындагы орто мектепте окуусун улантып 1989-жылы аяктаган. 1989-1990-жылдары Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында кесиптик лицейде окуган.


1991-1992- жылдары Москва шаарында аскердик милдетин өтөгөн соң, Тоолу Бадахшан автономиялуу облусунун (ТБАО) Мургаб районундагы "Мургаб" совхозунда айдоочу болуп эмгектенген. СССР кулап тоо арасындагы жашоо кыйын болуп жаткан кезеңдерде (1998-жылдары) Мургаптан биротоло Кыргызстанга көчүп келген.


Үй бүлөлүү үч кыздын сүйүктүү атасы. Учурда Ош шаарында жашайт.


Өскөнбай Бердибаев

Акын КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү

www.sary-kol.ru 

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.