Токон Мамытов, вице-премьер-министр: “Мургаб менен Жерге-Тал кыргыздарынын жолун чукул арада ачабыз” -Токон Болотбекович, сөздү жабылган чек арадан баштасак, Баткендеги чыр-чатактын азабын Мургаб менен Жерге-Талдагы этникалык кыргыздар тартып жатканын угуп жатсаңыз керек, кантип жардам беребиз? -Биздин Тажикстан менен чектеш аймактарда беш КПП бар. Алардын бири Карамык бекети, ал жабылган эмес. Себеби, ал жерден Ооганстанга карай НАТОнун жүгү, жана Түркмөнстан…